23

Апрель

2020

Нарында коронавирусту аныктай турган көчмө лаборатория иштеп жатат

Нарын шаарында 23-апрелден бери коронавирус илдетин аныктай турган көчмө лаборатория иштей баштады.

Облус аймагында оору жуктургандардын саны көбөйө баштагандан улам облустук штаб тарабынан көчмө лаборатория зарылдыгы боюнча сунуш берилип, анын негизинде республикалык штаб бул маселени чечип берди.

Аталган лаборатория облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жайгаштырылып, шарты түзүлүп берилди. Учурда 4 адис иштеп жатат. Үчөө Бишкек шаарынан келди.

Лабораторияда күнүнө 100 ПЦР анализ чыгарганга мүмкүнчүлүк бар.

Ылайым оорулардын саны аз болсун дейли.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.