27
Декабрь
Нарында прокуратура кызматкерлерине курулган кызматтык үй пайдаланууга берилди
Нарын шаарында прокуратура кызматкерлери үчүн республикалык бюджеттен курулган кызматтык үй пайдаланууга берилди.
3 кабаттуу, 24 батирлүү кызматтык үйдүн курулушу 2018-жылдын 30-октябрында башталган. Курулуштун жалпы суммасы 32 миллион 873 миң сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланды. Курулуш ишин “Мерибелл Текстиль Иншаат” жоопкерчилиги чектелген коому жүргүздү.
Турак-жайдын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Өткүрбек Джамшитов, Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров, “Мерибелл Текстиль Иншаат” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Уланбек Тынччылык уулу жана башкалар катышты.
Башкы прокурор Өткүрбек Джамшитов: “Президентибиздин “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” боюнча Жарлыгы прокуратура кызматкерлери үчүн эң зарыл болчу. Жарлыкты аткаруу максатында алыскы аймактардагы кызматкерлерибиз үчүн кызматтык үйлөр, административдик имараттар салынып жатат. Бул абдан чоң муктаждык эле. Муну менен кызматкерлерди ротациялоо маселеси чечилди. Мындай шарттар прокуратура кызматкерлерине шык берип, жарандардын укугун коргоодо жаңы дем менен иш алып барабыз деп ойлойм”,-деп белгиледи.
Ошондой эле өткөн жылы Ат-Башы, Жумгал, Ак-Талаа райондорунда кызматтык үйлөр бүткөрүлгөнүн, эми Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунда жана Нарын шаарында административдик имараттарды куруу долбоорлору турганын билдирди.
Салтанаттуу иш чарада Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов ак өргөө ээлерин куттуктап, жыл жаңыраар алдындагы бул ачылыш теңиртоолуктар үчүн чоң саамалык экендигин, кийинки мезгилдерде күч түзүмдөрүнүн, укук оргоо, коопсуздук сактоо органдарынын кызматкерлерине Президент, Өкмөт тарабынан камкордук көрүлүп, социалдык муктаждыктары чечилип жаткандыгын, ошондой эле жаңы курулуштар менен аймагыбыздын инфраструктурасы өнүгүп, жумуш орундары түзүлүп жаткандыгын белгиледи.
Имараттын кызыл тасмасы кесилип, 3 бөлмөлүү 3 батирдин, 2 бөлмөлүү 9 батирдин жана 1 бөлмөлүү 12 батирдин ачкычтары кызматкерлерге тапшырылды.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.