27

Декабрь

2019

Нарында ыйгарым укуктуу өкүлдүн балаты майрамы өткөрүлдү

Жаңы жыл алдында бөбөктөргө майрамдык маанай тартуулоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн балаты майрамы облустун бардык райондорунда өткөрүлүүдө.

Бүгүн мындай майрамдык иш чара Нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде уюштурулду. 

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн балаты майрамына Нарын шаарынан жана Нарын районунан бөбөктөр чакырылды. 

Балдарга М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын кызматкерлеринин аткаруусундагы “Достукка сапар” аталышындагы жаңы жылдык оюн-зоок көрсөтүлүп, жаш жеткинчектердин концерттик программасы тартууланды. 

Андан соң облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов балдарга каалоо-тилегин арнап,  белектерин тапшырды.   

Майрамдык иш чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан 150 миң сом каражат бөлүнүп, облустун аймактарындагы 300 балага жаңы жылдык белектер берилди. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн белегин аз камсыз үй-бүлөлөрдүн, этникалык кыргыздардын, Апрель элдик революциясынын шейиттеринин балдары жана тагдыр сыноосу менен ата-энесиз өмүр кечирип жаткан бөбөктөр алышты.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы