10

Октябрь

2013

Бугун, 10-октябрда Ыссык-Көл областына караштуу  Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын жамаатына жаңы аким Дамир Монолдоров тааныштырылды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев мындай чечимди жергиликтүү бийлик органдарынын кадрдык  дараметин көтөрүү жана Жети-Өгүз районун динамикалык өсүп-өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле айыл тургундарынын социалдык-тиричилик көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында кабыл алды.

Өзгөчө белгилеп кетчү нерсе, митингдердин узакка созулгандыгына карабастан, Жети- Өгүздөгү жагдай райондук администрациянын жана тиешелүү укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү митингге  катышуучулар тарабынан мыйзам бузууларга жол берилбесин жана коомдук-саясий абалдын туруктуулугун бузуу аракеттерине каршы мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн дагы бир жолу тастыктайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү