17
Май
Некролог
Баткендин чыгаан кызы, мыкты жетекчи, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- акиминин орун басары Ташполотова Марпат Жалиловнанын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу суук кабарды, терең кайгыруу менен кабыл алдык.
Баткен эли оор жоготууга учурадык.
Марапат Ташполотова алдыңкы мамлекеттик кызматкер, иш билги, мекенчил мыкты жетекчи, элибиздин сыймыктуу кызы эле. Ал эмгек жолунда облусубуздун ар тараптуу өнүгүүсүнө зор салымын кошуп кетти. Өзгөчө элибиздин социалдык абалын жакшыртууга кошкон эмгеги эбегейсиз.
Анын элибиз үчүн чын дили менен берилип, чоң жоопкерчилик жана ак ниет менен жасаган эмгектери ар дайым жогору бааланган.
Үй бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Марапат Жалиловна жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов
Өкүлдүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов
Өкүлдүн орун басары Чынара Саттарова
Өкүлдүн аппараты