01

Январь

2012

Урматтуу кыргызстандыктар!

Урматтуу мекендештер!

Достор жана замандаштар!

     

Саналуу убакыт аралыгында көз алдыбыздан өтүп бараткан жылга сереп салып, өткөн жылдагы бардык окуяларды жүрөгүбүз аркылуу салмактап отурабыз.

Өткөн күнгө салават кылмайынча келечекке үмүт арталбайбыз. Ушул саам баарыбыз алдыдагы тилегибизди, максатыбызды – адамдык нукура ишенимге, жакшылыкка арнап турабыз.

Барыбыздын жүрөгүбүздө үмүттүн шам чырагы жанып,  жаңы жылдан адамдык бакытты, бакубат жашоону тилек кылабыз.

Быйыл акыркы 20 жыл аралыгында өлкөбүздүн саясий турмушунда биринчи жолу бийликти тынчтык жолу менен өткөрүүнүн саясий маданиятын түптөдүк.

Жалпы элдик добуш менен жаңы Президентибизди шайладык. Жаңы өкмөттүн курамын дайындадык.

Эң башкысы - өлкөбүздө саясий  туруктуулук орноп, мыйзамдуу бийлик бутактары иштей баштады.

Өлкөдө позитивдүү жылыштардын жышааны сезиле баштады. Бул - өтүп бараткан жылдын башкы жыйынтыгы!

         

Урматтуу мекендештерим!

      Мамлекетибизде чечилбей жаткан көп проблемалардын бар экендигин жакшы билем. Жаңы өкмөт бул – ишенимдин жана үмүттүн өкмөтү деп айтаар элем.

Мен билем, бүгүн Жаңы жыл алдында көптөгөн аруу тилектер менен бирге жаңы дайындалган өкмөттөн  чоң өзгөрүүлөрдү күтүп жатасыздар.

Элибизде “Жакшы тилек - жарым ырыс” дейт. Жаңы жылдын алдындагы тилектердин  орундалышына мен терең ишенем!..

Ушул керемет күндө ата-энелерибизге,  досторубузга, жакындарыбызга ден-соолук, бакубат жашоо, бакыт жана сүйүүнү каалайм!

       Ар дайым жергебизде биримдик болуп, сүйүктүү Кыргызстаныбыздын гүлдөп-өнүгүшү үчүн ак кызмат кылалы!

       Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу мекендештер!