31

Декабрь

2012

 Урматтуу кыргызстандыктар! Мекендештерим!

Өлкөбүздүн турмушунда маанилүү окуяларга жык толгон 2012-жыл да тарых барагына  айланаарына аз калды.

Биз, жаңы кирип келе жаткан  2013-жылды илгери үмүт , аруу тилек жана бекем ишеним менен тосуп жатабыз.

Өлкөбүздүн  алдында турган оор милдеттерди  ийгиликтүү чечип, кыйынчылыктарды жеңип чыгууга бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Ал үчүн баарыбызга бекем эрк, келечекке болгон улуу ишеним керек. Жаңы жыл ак эмгектин, мамлекетибиздин  өсүшүнө тоскоол болуп жаткан кемчиликтер менен күрөшүүнүн жылы болот деп ишенем. Анткени, азырынча ишибизде ийгиликтерге караганда кемчиликтер көп экенин моюнга алабыз.

Күнүмдүк турмуштагы ыңгайсыздыктар үчүн Өкмөттүн жана өзүмдүн атымдан элден кечирим сурайм.

Быйыл өндүрүштүн көлөмү төмөндөп кетти. Бирок буга карапайым эл күнөөлүү эмес. Ар бириңиздер, дыйкандар жана фермерлер, ишкерлер жана мугалимдер, мамлекеттик кызматкерлер кайратмандык менен эмгектенип, чоң иштерди жасадыңыздар. Бул чындык. Кыргыз Өкмөтү болсо, өз кемчилигинен  чоң сабак алды. Мен ачык айтайын:  “Азырынча мактана турган көп нерсебиз жок”.

Бирок жаңы жылда элдин үмүтүн актоо үчүн алдыга койгон чоң максаттарыбыз бар. Экономиканын структурасын жакшыртып, жакшы натыйжага жетишүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз.

Буйруса, бул аракетибиздин жыйынтыгын эли-журтубуз айкын сезе турган күн да алыс эмес.

Урматтуу мекендештер!

 Сиздерди келе жаткан жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Элибиз айткандай, “Жакшы тилек – жарым ырыс!” Жаңы жылды жакшы тилектер жана ой-максаттар менен тосолу!

Жаңы жыл – биринчи кезекте үй-бүлөлүк майрам, балдарыбыз чыдамсыздык менен күткөн күн. Мен ар бир үй-бүлөгө ынтымак-бакыт, чың ден-соолук каалайм.

Жаңы 2013-жыл өсүп-өнүгүүнүн, жакшы саамалыктардын жылы болсун. Ак пейил тилектерибиз кабыл болсун!

Мамлекетибизде дайыма биримдик, тынчтык, бакубатчылык орносун!