14

Февраль

2015

Нурханбек Момуналиев: «Өкмөт ӨКМнүн өнүктүрүү боюнча сунуш-демилгелерин ар дайым колдоого алат»

Бүгүн, 14-февралда, Кыргыз Республикасынын министри – Өкмөт Аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2014-жыл жыйынтыгы боюнча коллегиясынын ишине катышты. Министрлик кызматкерлери алдында чыгып сүйөгөн сөзүндө Өкмөт Аппаратынын жетекчиси министрликтин ишинин оңдуу жыйынтыктарына токтолду. Андан соң ал белгилегендей, министрликтин 2014-жылкы иши Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясына, ошондой эле КР Өкмөтүнүн 2014-жылдагы № 115-токтомуна жана министрдин иш-аракет пландарына ылайык, канааттандыраарлык деп эсептелет. “Белгилей кетчү нерсе, министрликтин ишинин негизги максаты – өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана адам курмандыктарынын санын кыскартуу. Тилекке каршы, 2014-жылдын 14-ноябрында биз акыркы кездердеги катуу жер силкинүүнү баштан өткөрдүк, ал Ысык-Көл облусунда орун алып, күчү 7 баллга жеткен. Сиздерин министрлик материалдык зыянды иликтөө жана эсептөөлөрдү даярдоо боюнча салымын кошту», — деди Нурханбек Момуналиев. Өз сөзүндө Аппарат жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңешинен жана Өкмөттөн түшкөн тапшырмалардын министрлик тараптан аткарылышына көңүл бурду. “90 тапшырманын ичинен 84ү аткарылып, бири мөөнөтүнөн кечиктирилип, алтоо учурда аткарууда турат. 37 ченемдик-укуктук актылардын 33ү аткарылып, бири кечиктирилип, төртөө аткарууда турат. Бул жаман эмес көрсөткүч, бирок, быйылкы жылы көрсөткүчтөр мындан жогору болооруна ишеним билдиребиз», — деп белгиледи Нурханбек Момуналиев. Нурханбек Момуналиев министрликтин оңдуу көрсөткүчтөрү менен катар кемчиликтер да орун алгандыгын, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык өнүктүрүү институттары, ошондой эле башка мамлекеттик органдар менен кызматташуунун жетишсиз деңгээлине байланыштуу экендигин билдирди.   Андан соң Өкмөт Аппаратынын жетекчиси ички ведомство көйгөйлөрүн чечүү маселесине токтолду. Ал министрликке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө негиздүү жана конкреттүү сунуштарды киргизүүнү сунуштады. “Бул министрликтин кызматкерлери катары сиздер жетишсиз каржылоо, иштин сапатын жана анын натыйжалуулугун жакшыртуу, ведомство ичиндеги коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүүгө тийиштүү көйгөйлөрдү жакшы билесиздер, Өкмөт ӨКМнүн өнүктүрүү боюнча сунуш-демилгелерди ар дайым колдоого алат», — деп жыйынтыктады Нурханбек Момуналиев.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү