16
Февраль
Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси Нурханбек Момуналиев КР Президентинин алдындагы башкаруу Академиясында Ханс Зайдел Фондунун колдоосу менен квалификацияларын жогорулатып жатышкан айылдык кеңештердин депутаттары менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.
Нурханбек Момуналиев жолугушуунун башында айылдык кеңешке депутаттардын шайланышы менен куттуктады. “Айыл тургундары айыл аймактарын башкарууну ишеним көрсөтүп сиздерге тапшырышты. Сиздердин жеңишиңиздер ал ишенимди тастыктайт. Эми алдыңыздарда чоң көптөгөн милдеттер турат. Жергиликтүү маанидеги көйгөйлүү маселелерди бизден жакшы өзүңүздөр билесиздер жана аларды чечүү дагы сиздердин колуңуздарда. Айыл жериндеги маселелерди чечүүдө Өкмөт дайым колдоо көрсөтөт. Анын мисалы болуп Өкмөттүн жаңы структурасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик органдын түзүлүшү каралган. Мындай кадам айыл жеринде элдин жашоо-шартынын деңгээлин көтөрүү жана инфраструктураны жакшыртуу жаатында натыйжалуу үзүрүн берет деп ишенемин”,- деди ал.
Март айында болуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жалпы республикалык жыйынында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жогорулатууга көмөк көрсөтүүчү эң актуалдуу жана маанилүү маселелер каралат.
Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси Нурханбек Момуналиев айрым депутаттардын суроолоруна жооп берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү