16

Январь

2015

Нурханбек Момуналиев “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагындагы долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге ыраазычылык грамотасын тапшырды

Бүгүн, 16-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси Нурханбек Момуналиев kattar.kg электрондук кайрылуулар интернет-порталынын жана “он-лайн” режиминдеги коомдук кабылдамалар долбоорлорун ишке ашырууга активдүү катышкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге ыраазычылык грамоталарын тапшырды. «Жарыяланган “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында биз республика жарандарынын Премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана Өкмөттүн башка мүчөлөрү менен түз баарлашуусу үчүн бардык шарттарды түздүк. Бул албетте, алга карай кадам болуп саналат», — деп белгиледи Нурханбек Момуналиев. Ошондой эле белгиленгендей, аталган долбоорлордун ишке ашырылышы өлкө аймагында жана андан сырткары жерде жүргөн жарандарга кат, же өтүнүч менен каалаган мамлекеттик орган жетекчисине түздөн-түз кайрылууга мүмкүндүк берет. Андан соң Аппарат жетекчиси аталган долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруудагы маанилүү ролду райондук мамадминистрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери аткаргандыгын кошумчалады. «Бекитилген иш-чараларга ылайык, үзгүлтүксүз негизде жооптуу кызматкерлерди окутуу иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча жакшы натыйжаларга жетиштик», — деди Нурханбек Момуналиев жана өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин ардак грамоталарын тапшырды. Грамоталар салтанаттуу түрдө тапшырылган соң, Өкмөт Аппаратынын жетекчиси мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлерине долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылышы үчүн дагы бир ирет ыраазычылык билдирип, мындан аркы иштериндеги ийгиликтерди каалады.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү