21
Февраль
2019
Нурида Байзакова Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Байзакова Нурида Асановна Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү