27
Февраль
2019
Нурлан Шаршеналиев Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды
Шаршеналиев Нурлан Алтымышович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү