12
Декабрь
Бүгүн, 12-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр Нурханбек Момуналиев белгилүү мамлекеттик ишмер Абды Суеркуловдун бюстуна гүл кою аземине катышты.
Аталган иш чара Абды Суеркуловдун 100 жылдык мааракесин майрамдоо алкагында өттү.
Мекендештеринин алдында сүйлөгөн өз сөзүндө Нурханбек Момуналиев, Абды Суеркуловдун экономиканы өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымын белгилөө менен жалпы эле Кыргызстандын өнүгүшүнө эбегейсиз эмгек сиңиргенине токтолду. “Абды Суеркулов карапайым элге кызмат өтөөгө багытталган иши менен кесиптештери менен мекендештеринин арасында абройлуу сый-урматка ээ болгон. Кыргыз ССРинин министирлер Советинин Төрагалык кызматы учурунда курулуп башталган маанилүү өнөр-жай, маданий жана билим берүү объектери азыркы күнгө чейин элибиздин керегине жарап кызмат өтөөдө. Элибиздин бакубат жашоосуна арналган Абды Суеркуловдун ысымы Кыргызстандын тарыхында татыктуу орундуу ээледи”,- деп кошумчалады.
Абды Суеркуловдун 100 жылдык мааракесинин алкагында, анын чоң эмгек жолун жана турмушун чагылдырган көргөзмөлөрдү, конференцияларды, тематикалык экспозицияларды камтыган бир топ иш-чаралар уюштурулганын белгилейбиз.
Маалымат иретинде:
Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абды Суеркулов (1912–1992) Кыргыз Республикасынын өнөр-жайын, илимий-техникалык жана билим берүү потенциалын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон.
Абды Суеркулов 1912-жылы 12-декабрда Ош областынын Токтогул районунун Төркент айылында туулган.
1950-1958-жылдары Кыргыз ССРинин министринин Төрагасы, 1959-1969-жылдары Кыргыз ССринин соода министри болуп, 1971-1978- жылдары Кыргыз ССРинин эл чарбасынын жетишкендигинин Көргөзмөсүн (ВДНХ) башкарган.
Абды Суеркуловдун министрлер Советинин Төрагалык кызматы учурунда 1951-жылы Кыргыз Мамлекеттик университети ачылып, Бишкек-Ош жолун курууну баштоо тууралуу чечим кабыл алынган, Илимдер Академиясы уюштурулуп, Чернышевский атындагы китепкананын имараты, комволдук- нооту комбинатынын,”Тяжэлектрмаш” заводунун курулуштары башталган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү