14

Октябрь

2020

Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды

Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.

Мындай чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды.