21

Январь

2012

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик гүлбагы 58) Эл аралык арбитраждарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын көрсөтүү үчүн  юридикалык кызматтарды көрсөтүүгө талапкерлерди торукка чектөөсүз катышууга чакырат жана өздөрүнүн тендердик табыштамаларын  тапшырууну өтүнөт (1 лот). 2. Торук үчүн документтердин толук комплектиси  2012-жылдын 17-февралына чейин төмөнкү дарек боюнча  бардык кызыкдар талапкерлер  тарабынан сатылып алынышы мүмкүн, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик гүлбагы 58, 2-кабат, 214-бөлмө. 3. Кызыкдар талапкерлер жогоруда көрсөтүлгөн дарек боюнча катуу конфиденциалдуулук жөнүндө макулдашууга кол коюу шартында  торук үчүн кошумча маалыматтарды ала алышат. 4.  Документациянын комплектисинин наркы 15 000 кыргыз сомун түзөт. 5. Бардык талапкерлер  торукка катышууга өздөрүнүн тендердик табыштамаларын Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик гүлбагы 58, 214-бөлмө дареги боюнча 2012-жылдын 17-февралында саат 15-00 дөн кеч эмес тапшырууга тийиш. 6. Документациянын комплектисинин наркы үчүн акы төлөөнү  “ЭСК Банк” ААК аркылуу накталай эмес эсептешүүлөрдү төмөнкү реквизиттер боюнча жүргүзүү зарыл. КР Финансы министрлиги Дареги: Эркиндик гүлбагы 58, э/э 1290522381810048, “ЭСК Банк” ААК, БИК 19052   ANNOUNCEMENT