27
Ноябрь
Кыргыз Республикасынын аймагына Эбола вирусунун кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча иш-чаралар жөнүндө
Учурда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына Эбола вирусунун кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз Республикасынын аймагындагы вирустун алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүүгө багытталган тийиштүү буйругу бекитилген.
Мамлекеттик чекара пункттарын ашып өтүүдө санитардык-көзөмөлдөө пункттардын медкызматкерлери тараптан келип жаткан жарандарды тепловизордун жардамы аркылуу дене табынын жогорулоосуна карата текшерүү жүргүзүлүүдө.
Иш-аракеттердин жалпы координациясы жана кызыкдар мамлекеттик түзүмдөр (ТИМ, МЧК, ӨКМ) аралык өз-ара аракеттешүү жүргүзүлүүдө. Эпидемиологиялык абалды үзгүлтүксүз чагылдыруу максатында телеберүү, ошондой эле башка маалымат каражаттары аркылуу медициналык адистердин катышуусундагы 10 берүү тартууланган. Саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн Эбола вирусунун алдын алуу маселеси боюнча 235 врачтын жана 112 медайымдардын катышуусунда 12 семинар өткөрүлгөн.
Саламаттык сактоо уюмдары боюнча 15 миң комплект жеке коргонуу каражаты сатылып алынып, таркатылган. Үстүбүздөгү жылы Ысык-Көл, Талас жана Жалал-Абад облустарында 500 ашуун кызыкдар кызмат өкүлдөрүнүн катышуусунда карантиндик ооруларды аныктоо жана аларды жоюу боюнча машыгуу-окуулары өткөрүлгөн.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү