07

Май

2020

Эл аралык валюта фонду берген каражаттардын бөлүштүрүлүшү тууралуу маалымат

Эл аралык валюта фонду тарабынан берилген каражаттар 2020-жылдын 31-мартында Борбордук казыналыктын учурдагы эсебине 120,85 млн АКШ доллары өлчөмүндө түшкөн. Каражаттар 2020-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик курсу боюнча 1 АКШ доллары 84,87 сом чегинде улуттук валютага конвертацияланып, толугу менен сомго айландырганда 10 256,6 млн сомду түздү. 

2020-жылдын апрель айында Эл аралык валюта фондунун айтылган каражатынын эсебинен республикалык бюджеттин чыгашасына 8 896,8 млн сом жумшалды. Алар: 

- айлык акыга 3 994,4 млн сом;

- социалдык керектөө үчүн 468,7 млн сом;

- Социалдык фондго чегерүүлөр 1 834,0 млн сом;

- Милдеттүү медициналык фондго чегерүүлөр 1 210,0 млн сом; 

- теңдөөчү чегерүүлөр 160,8 млн сом (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек акысы);

- калкты социалдык камсыздоо жана социалдык көмөк көрсөтүү боюнча жөлөкпулдар 869,2 млн сом;

- медицина товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн алуу 106,3 млн сом;

- стратегиялык запастар 153,0 млн сом (Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан эгин алууга);

- коронавируска каршы күрөшүү максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам оор турмуш шартында калган калк үчүн азык-түлүк алууга 100,4 млн сом. 

Ошентип, Эл аралык валюта фондунун каражаттарынын калдыгы үстүбүздөгү жылдын апрелине карата 1 359,8 млн сомду түзөт, ал 2020-жылдын майында республикалык бюджеттин социалдык маанилүү чыгымдарына жумшалат. 

Бюджетти аткаруу тууралуу ай сайын берилүүчү отчеттор (кирешелер, чыгашалар жана дефициттер) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтында (www.minfin.kg ) «Бюджеттин аткарылышы тууралуу отчеттор» бөлүмүндө жайгашкан.