25
Ноябрь
2013
25-ноябрга карата, жалпысынан республика боюнча дан эгиндерин оруп-жыюу жана айыл-чарба өсүмдүктөрүн жыйноо аяктады.
Бүгүнкү күнгө карата республиканын дыйкандары 8,6 миң тонна тамеки, 61,6 миң тонна пахта, 183,6 миң тонна кант кызылчасын жыйнап алышты.
Ошол эле учурда, кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү республика боюнча орто эсеп менен гектарына 274,0 центнерди түзөт (2012-жылга караганда гектарына 70,6 центнерге көп).
Ошондой эле, 180,7 миң гектар аянтка күздүк буудай (2012-жылга салыштырмалуу 1,9 миң гектарга көп), 10,5 миң гектар жерге күздүк арпа (2012-жылга караганда 1,7 миң гектарга көп) себилди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү