26

Март

2013

Орто-токой суу сактагычынын жумушчуларынын айлык майаналарын көтөрүп берүү талабы боюнча 15.03.2013-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Асанакунов, Улуттук коопсуздык комитетинин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын жетекчиси М.С.Абдырахматов, облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси М.Т.Исмаилов, облустук суу чарба департаментинин биринчи орун басары А.С.Жайлообаев, Балыкчы шаарынын мэри М.Э.Бообеков жана Орто-токой суу сактагычынын жетекчиси Т.С.Өзүбековалардын катышуусу менен жыйын өткөрүлүп, айлык маяналар 01.04.2013-жылдан тартып көтөрүлөрүн айтышкан. 

Бул мөөнөткө карабастан 18.03.2013-жылдан тартып жумушчулар иш таштоону башташкан. 22.03.2013- жылы Орто-Токой суу сактагычынын жумушчулары менен кайрадан жыйын өткөрүлгөн. Жыйында Орто-Токой суу сактагычынын жетекчиси Өзүбекова Т.С. Кыргыз Республикасынын 14.03.2013-жылдагы №132 Токтомунун негизинде айлык маяна 01.07.2013-жылдан тартып 50% көтөрүлөрүн билдирген жана Айыл чарба министрлигинин суу департаментинин 18.03.2013-жылдагы чыгыш №4-324 катынын негизинде бул 50% 01.04.2013-жылдан тартып суу департаментинин атайын каржылоо булагынан (спецсредства) төлөнүп берилерин маалымдаган. 

Бирок, Орто-Токой суу сактагычынын жумушчулары айлык маяналарынын 50% көтөрүлгөндүгүнө макул болушпастан 100 пайызга көтөрүүнү талап кылышууда. Бул талап тууралуу бүгүнкү күнү Орто-Токой суу сактагычын жекечиси Суу департаменти менен биргеликте карап жатканын билдиришти.

25-мартта болгон сүйлөшүүлөрдүн негизинде иш таштоо токтотулганын жана жогорудагы маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көзөмөлүндө билдиребиз. 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү