06
Декабрь
Премьер-министрдин региондорго болгон иш сапарындагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда ар түрлүү маанидеги суроо-талаптар, арыз даттануулар, баардык тармактар боюнча сунуштар жана ой-пикирлер айтылган.
Иш сапардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында ар бир суроо талап бекитилген иш планга киргизилип, анын ар бир пунктунун аткарылышына убакыт чектелип, аткарылышы көзөмөлгө алынган.
Нарын облусу боюнча жалпысынан 41 суроо талап берилген, анын ичинен 13 аткарылды жана калган маселелер иштөө стадиясында.
Ак-Талаа райондук ооруканасынын хирургу Жыргал Мамбетов кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен жер иштетүү үчүн жер бөлдүрүп берүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган.
Ж.Мамбетовго ижарага жер алып иштетүү жагы сунуш кылынды, бирок жер иштетүүгө убактысы жана шарты жоктугун маалымдап, жер алуудан өзү баш тартты. Ж.Мамбетовго көмүр отун жагынан жардам берүү боюнча макулдашылды.
Ат-Башы районуну Казыбек айылынын тургуну, 1- топтогу майып Зарылык Бакаев социалдык кызматкерлер кабар албастыгын, майыптык араба ала албай жүргөнүн арызданып, үйүнүн чатырын жабууга шифер берүүнү суранган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Ат-Башы районунун Казыбек айылынын тургуну З.Бакаловго табигый кырсыктан жабыр тарткандыгына байланыштуу 98 даана шифер бөлүнүп берилди. Мындан тышкары 1 даана майыптык араба берилип, жашоо турмушу көзөмөлгө алынып, жардам көрсөтүп туруу максатында үй бүлөлүк дарыгер жана соцкызматкер бекитилди.
Жергиликтүү элге кышка карата даярдык көрүү максатында Кыргыз республикасынын Премьер-министринин тапшырмасы менен элге жеңилдик кылуу үчүн облустун район тилкелериндеги отун базаларында 1 тонна көмүр үчүн төмөндөгүдөй баалар бекитилди:
- Ак Талаа району – 1950-2850 сом (Турук көмүр кенинен); - Ат Башы району – 3200-3300 сом (Кара-Кече көмүр кенинен); - Жумгал району – 1300-2000 сом (Кара-Кече, Миң-Куш көмүр кенинен); - Кочкор району – 2350-2700 сом (Кара – Кече көмүр кенинен); - Нарын району – 3000-3350 сом (Кара – Кече көмүр кенинен); - Нарын шаары боюнча – 3100-3200 сом (Кара-Кече көмүр кенинен).Мындан тышкары 2012-ж. 15-октябрына карата Ак-Талаа районунда -13, Ат-Башы районунда-13, Жумгал районунда-13, Кочкор районунда-12, Нарын районунда-15, Нарын шаарында-3 көмүр кампалары (топбаза) уюштурулду.
Нарын облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун имаратынын чатыры эскилиги жетип суу өткөндүгүнөн улам аталган медициналык уюмдун жамааты жардам берүүнү суранышкан.
Премьер-минстрдин тапшырмасы менен 561 даана шифер бөлүнүп жеткизилип берилди
«Кара-Кече» көмүр кениндеги казуу иштери тоо-кен иштетүү технологияларына ылайык эмес жүрүп жатат деп Жумгал районунун эли нааразычылык билдиришкен.
“Кара-Кече» көмүр кениндеги казуу иштери тоо-кен иштетүү технологияларына ылайык эмес жүрүп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык, техникалык коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан учурда бул маселе боюнча тийиштүү органдарга доо-арыздар берилип, тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Мекемелерге коюлган талаптардын аткарылышы ай сайын кайра текшерилип турат.
«Кыргызкөмүр» мамлекттик ишканасы ЭКГ тибиндеги экскаваторду калыбына келтирип берүү, өндүрүш иштерине керек 3 автоунаа сатып алуу боюнча маселе койгон.
Көмүр казып алуучу мекемелердин көйгөйлүү маселелери дагы өз ирээти менен чечилүүдө. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Центральный” көмүр тилкесинде иштебей турган ЭКГ-5 эксковаторун калыбына келтирүү үчүн запастык бөлүктөрдүн тизмесин түзүлүп, учурда аларды издөө иштери жүрүп жатат. КР Өкмөтүнүн алдындагы Маммүлктү башкаруу боюнча фонддун адистери менен 3 даана автоунаа сатып алуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Кочкор-Арал-Төө-Ашуу автомобиль жолдорунун абалын сактоо жана жолдун бузулушун алдын алуу боюнча сөз козголгон.
Бул максатта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августунда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, өздүк салмак басымын, ченемдерин жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйындарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө” №454-токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын автожолдорунда 17 тараза көзөмөлдөө пункттары каралган. Көрсөтүлгөн 17 тараза пункттардын №12- пункту Кочкор-Арал-Төө-Ашуу автомобиль жолунун 99-чакырымына орнотуу каралып, анын курулушу аяктап үстүбүздөгү жылдын 5-октябрынан тартып ишке киргизилди.
Нарын облусу боюнча каралбай калган 121 трансформаторлорду чечип берүүнү суранышкан.
Облус боюнча каралбай калган трансформаторлор боюнча 2012-жылдын 1- ноябрына “Чыгышэлектр” ААКнун Нарын филиалы өз балансына 41 мектептин трансформаторлорун кабыл алды. Калган трансформаторлорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15 октябырынан № 645 «Бөлүштүрүүчү жылуулук жана электр компанияларынын балансына кароосуз калган жылуулук жана электр тармактарын кабыл алуу-өткөрүп берүү тартиби жөнүндө» токтомунун негизинде “Чыгышэлектр” ААКнун Нарын филиалынын балансына кабыл алуу иштери жүргүзүлүүдө.
"Ат-Башы сүт" заводунун жамааты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууну суранышкан.
Аталган проблема Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясыны тарабынан көзөмөлгө алынды жана учурда жер салыгынан бошотуу маселеси каралууда.
Жүйөлүү себептер менен толук аткарыла элек тапшырмалар дагы бар.
Алардын ичинде куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын пенсионерлерине жана ардагерлерине азык-түлүк үлүшү үчүн төлөнбөй келген акча каражаттарын боюнча сот инстанцияларында көптөгөн доо-арыздар каралууда. Бул маселени чечүү боюнча КР Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрү тарабынан сунуштар даярдалууда, бирок маселе чечиле элек.
Акаева Жаңылкан небереси Изабелла ооруканада жатып дарыгерлердин айынан каза болгонун, күнөөлүлөр жазаларын ала электигин айтып арызданган.
Ж.Акаеванын арызы боюнча тергөө иштери улантылып жатат жана бул маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын көзөмөлүндө.
Нарын шаарынын ички жолдорун оңдоого 2012-жылдын бюджетинде 30,0 млн. сом бөлүп берүү каралган. Бүгүнкү күндө аталган сумманын 23,0 млн. сому бөлүнүп берилген. Калган 7,0 млн. сомду которуп берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан бюджеттик ресурстардын кескин чектелгендигине байланыштуу бул маселе азырынча чечиле элек.
Кочкор мамлекеттик асыл тукум заводунун кызматкери А.Кулубаева аталган завод таланып-тонолуп кеткенин, тоногондорго чара көрүлбөгөнүн, өкмөт тарабынан бизге кандай жардам болот деп кайрылган.
Кочкор тукум кыргыз койлорун өстүрүүчү заводдон 2005-жылдын март жана 2010-жылдын апрель окуяларында мал, жана буудай таланып-тонолгон Чарбадагы жалпы чыгым 6067315 сомду түзгөн. Бүгүнкү күнгө болгону 7 гана баш кой кайтарылып берилди. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, аталган айылдардын 43 тургунуна тергөө органдары тарабынан айып угузулган, бирок убагында жергиликтүү нааразычылык акцияларынан улам курчутулган абал түзүлүп калаарын эске алып, иш өндүрүштөн токтотулган. Азыркы убакта ИИМнин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан тергөө башкармалыгына Нарын облусунун прокуратурасына кылмыш ишин жандандыруу тууралуу Премьер-министрдин тапшырмасы жөнөтүлдү.
Бекитилген иш-пландын калган 23 пунктун өз мөөнөтүндө аткарылышы көзөмөлдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат