11

Декабрь

2012

Премьер-министрдин региондорго болгон иш сапарындагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда  ар түрлүү маанидеги суроо-талаптар, арыз даттануулар,  баардык тармактар боюнча сунуштар жана ой-пикирлер айтылган.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында ар бир суроо талап   бекитилген иш планга киргизилип, анын ар бир пунктунун аткарылышына  убакыт чектелип,  аткарылышы көзөмөлгө алынган.

Ош облусу боюнча бекитилген иш пландын  4 пункттунун  белгиленген мөөнөтү боюнча 3 пункт аткарылып,  1 пункттун аткаруусу уланууда.

Ноокат районун айланып өтүүчү Ош-Кызыл-Кыя жолунун курулушу жөнүндө: Ош-Баткен-Исфана автожолунун 10-28 чакырымдар аралыгын реабилитациялоо иштерине Дүйнөлүк Банк тарабынан 16 млн. АКШ доллары каралууда. Бул каражаттын жарымы насыя жарымы грант түрүндө. Учурда курулуш компанияларын тандоонун жыйынтыгы боюнча банктар менен макулдашуу жүргүзүлүп жатат. 2012-жылдын 12-октябрында эл аралык консультанттар менен даярдалган отчетту кароо боюнча тендердик комиссиянын жыйыны болуп өттү. Көрсөтүлгөн тендердик комиссиянын отчетун жана чечимин жактыруу үчүн банкка жөнөтүлдү. 2012-жылдын  ноябрь айында  башында  курулуш иштерине контракт түзүү күтүлүүдө.

            Реабилитация иштери башталганга чейин жолдун абалын жакшыртуу максатында төмөнкү иштер аткарылды:

- эски асфальттын тегиз эмес жерлери грейдер менен кесип тегиздөө;

- 10-16 чакырым (чк) жана 19-20 чк. аралыгындагы жолдун чөгүп кеткен жерлери шагыл менен толтурулуп тегиздөө;

- 19-28 чк. аралыгында жолдун четтери автогрейдер менен тегиздөө;

- 24-26 чк. аралыгына кошумча шагыл төгүү менен тегиздөө жана маал-маалы менен суу чачуу иштери аткарылып жатат.

Ноокат районун айланып өтүүчү Ош-Кызыл-Кыя жолунун курулушу боюнча учурда Ноокат жана Баткенди айланып өтүүчү жолдордун техникалык экономикалык негиздемесин жана долбоорун даярдоо иштерин каржылоого Дүйнөлүк Банк менен макулдашуу жүрүүдө.

Ош-Баткен-Исфана автожолунун 123-155-чакырымын реабилитациялоо долбоорунун курулуш иштерине көзөмөл жүргүзгөн Германиянын «КОКS Int» консультациялык компаниясы тарабынан жолдордун техникалык экономикалык негиздемесин жана долбоорун аткаруусу күтүлүүдө.

 Ноокат районунун Төөлөс айылынын тургундары комбайн техникасы менен камсыздоо маселеси боюнча кайрылышкан.

Ноокат районунун аймагында бүгүнкү күндө «Канды», «Белөрүк», «Кыргызата»  техсервистери түзүлүп иштеп жатат. Т. Кулатов атындагы айылдык округунда техникалык сервис уюштуруу иштери пландаштырылган. «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖЧК менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар 2 даана дан оруп жыйноочу комбайн жана МТЗ маркасындагы трактор сатып берүүгө убадаларын беришкен. Башка айылдык округдарда да техсервистерди уюштуруу, майда чарбалык субьектилерди бириктирип кооперативдерди түзүү максатында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж. Сатыбалдиевдин региондорго болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча бекитилген иш чаралардын аткарылышы  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү тармактык бөлүмдөрүндө көзөмөлдө болот.

            КР Өкмөтүнүн  Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү