04
Декабрь
Иш сапардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында ар бир суроо талап бекитилген иш планга киргизилип, анын ар бир пунктунун аткарылышына убакыт чектелип, аткарылышы көзөмөлгө алынган.
Ысык-Көл облусу боюнча
баардыгы болуп 37 суроо-талап коюлган. Анын ичинен учурда 5 аткарылып, 16сы аткаруу үстүндө, 16 аткаруу мөөнөтү 1-декабрда аяктайт.
“Жыргалаң шахтасы” ААКсынын жетекчиси Б. Чикматов компания тарабынан бюджеттик мекемелерге сатылган көмүрдүн акчасын өз мезгилинде төлөп берүү жагын чечип берүүнү суранган.
Учурда “Жыргалаң шахтасы” ААКнун дебиторлорунан 3,5 млн.сом өндүрүлүп берилди, калган салык карыздары ачык акционердик коом тарабынан өздүк каражаттарынан эсебинен төлөнүп жабылды.
“Жыргалаң-Дөргөкөмүр” ЖЧКнын жетекчиси Б.Кенесаров Жыргалаңдагы бул ишканага Өкмөт тарабынан көңүл бурулуп, шахтанын техникалык жабдууларын сатып алууга инвестор таап жардам берүүнү өтүнгөн.
ЖЧКнын тарабынан бизнес-план жана техникалык экономикалык негиздеме даярдалып эл аралык донорлор арасында жана сырттан келген инвесторлорго сунуштоо боюнча Өкмөт иш жүргүзүлүүдө. “Жыргалаң-Дөңгөкөмүр” ЖЧКнын өнүгүшү боюнча бизнес долбоорлор Улуттук стратегиялык изилдөө институтуна жиберилди.
Түп районун тургундары күздүк себүү боюнча үрөөн маселесинен жардам берүүнү суранышкан.
«Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү боюнча жана 2013-жылдын түшүмүнө күзгү себүүнү жүргүзүүнүн белгиленген программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 487 токтомунун негизинде товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссиянын чечими аркылуу Ысык-Көл облусуна республикалык мамлекеттик үрөн фондусунан 62,8 тонна жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан тендер аркылуу сатып алган үрөндөн 56,0 тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү бөлүнгөн, анын ичинен Түп районунун айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үрөн фондусунан 44,8 тонна үрөн жана тендер аркылуу 28,0 тонна үрөн бөлүндү.
“Каркыра” чек ара заставасына чек арачылар үчүн керектелүүчү төшөнчү буюмдар (матрац, одеял, шейшеп, жууркан), кир жуугуч машинеси менен камсыз кылууга жардам сурашкан.
Кир жуугуч автомат машинеси камсыз кылынды жана чек арачылар үчүн керектелүүчү төшөнчү буюмдар (24 комплект) эң жакынкы арада чечилет.
Ошондой эле “Каркыра” чек-ара тозотунун казармасы жана ашканасы 30 миң сом сарпталып толук ремонттон өттү, жылытуучу системасын оңдоого 6,0 миң сом жардам берилди.
Түп районунун тургундары өндүрүлгөн айыл-чарба продукцияларын кошуна мамлекеттке чыгарып сатууга мүмкүнчүлүктөрү болбой жатканын билдиришип “Каркыра” чек ара өткөрмө пунктун ачуу боюнча маселени коюшкан.
«Каркыра-авто жолу» өткөрмө пунктунун иштешин жандандыруу тууралуу маселе узак убакыттан бери каралып жатат жана Өкмөттөр аралык кеңештин алкагында дайыма көтөрүлүп келет.
2012-жылдын 10-12-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чек аралардагы өткөрмө пункттар тууралуу макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколдун долбоорун макулдашуу боюнча биргелешкен кыргыз-казак жумушчу тобунун отурумунун жүрүшүндө «Каркыра-авто жолу» өткөрмө пунктуна (Кыргыз Республикасы) – “Кеген-авто жолу” (Казакстан Республикасы) өткөрмө пунктуна көп тараптуу, жүргүнчүлөр үчүн макамын берүү, иштөө режимин – күндүз, сезондуу (май-октябрь) деп белгилөө маселеси дагы каралган.
Тилекке каршы учурда сезондун бүткөнүнө байланыштуу “Каркыра-автожол” өткөрүү пунктун ачылышы келерки жылда болорун казак тарабы билдирди.
Айыл-чарба продукцияларын өндүрүүчлөр Каркыра чек ара постунун ачылышы менен өз иштерин жүргүзө алат.
Жыргалаң айылынын тургундары Ак-Суу - Жыргалаң жолуна айрыкча кыш мезгилинде кар оор түшүп техникалардын каттосуна тоскоолдуктар жараларын, бул маселени чечүү үчүн грейдер же эксковато жана жүргүнчү ташуучу автобус, тез жардам автоунасын бөлүп берүүнү суранышкан.
КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги керектүү техникаларды алуу боюнча Титулдук тизмеге киргизүүнү жыл сайын өз алдынча иштеп чыгат. Аталган автомобиль жолун оңдоого жана техникаларды алууга бюджеттик каражаттарды багыттоо боюнча аталган министирлике тапшырма берилди.
Учурда Саламаттык сактоо министрилигин бюджети саламаттык сактоо мекемелерин медициналык жабдыктар жана шаймандар менен толук көлөмдө муктаждыгын камсыз кылууга мүмкүндүгү жоктугунан улам, тез жардам авто унаасы менен жабдуу гуманитардык жана донордук жардам аркалуу чечүү үчүн өзгөчө контролго алынды жана биринчи кезекте чечилип берилет.
Жүргүнчү ташуучу автобус менен камсыздоо маселеси чечилди, “УАЗ” маркасындагы 1 жүргүнчү ташуучу микроавтобус 2012-жылдын 2-ноябрындагы КР вице-премьер-министри Т.Сарпашевдин Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Жыргалаң айыл өкмөтүнө тапшырылды.
Айрым суроо талаптар учурда аткарылуу үстүндө, алар: Тон районундагы Кара-Коо–Дөң-Талаа автоунаа жолун куруу маселеси, Улахол айыл аймагынын Кара-Шаар айылына сел агызып кетүүчү каналды куруу жана унаа өтүүчү көпүрөнү кеңейтүү, Кажы-Сай айыл аймагындагы сел агызып кетүүчү каналды жана селден коргонуу дамбасын куруу, Токтобай уулу Шамей жана М.Мамбетов атындагы орто мектептердин окуу имараттары авариялык абалда болгондугуна байланыштуу жаңы мектептин курулушу, Тоң районундагы Ала-Гөз магистралдык каналынын орто жеринде суткалык суу топтоочу суу сактагычты (БСР) куруу, Ак-Суу жана Жыргалаң айылындагы таза суу маселеси, Ак-Суу - Жыргалаң жолунун маселесин чечүү үчүн грейдер же эксковатор, жана тез жардам автоунаасын бөлүп берүү, Түп-Кеген жолунун калган 46 чакырымын бүтүрүү, Кара-Ой айыл аймагынын1323 га жеринин сугат маселесин чечүү максатында суу сактагыч куруу, Тамчы айыл аймагынын Чырпыкты айылындага 310 окуучу орундук орто мектептин курулушу, Барскоон-Ак-Шыйрак автожолунун 76-чакырымындагы Тарагай көпүрөсүн куруу.
Аталган маселелер республикалык бюджеттен “капиталдык салымдар” беренеси боюнча каржылануучу объектердин 2013-жылдагы Тизмесине киргизүү маселеси Өкмөттүн көзөмөлүндө болот жана белгиленген тартипте каралып чыга тургандыгын белгилейбиз.
Ал эми «Кумтөр» кен ишканасында көтөрүлгөн маселелер 2012-жылдын 3-июлундагы КР Өкмөтүнүн № 465 токтому менен “Кумтор Оперейтинг Компани” ЖАКынын текшерүү үчүн түзүлгөн Мамлекеттик комиссиянын алдында иштеп жаткан экологиялык жана тоо-техникалык экспертиза боюнча жумушчу топтун жыйынтыктоочу маалыматы ноябрь айынын аягында берилет.
Кумтөр кениндеги өндүрүштүк таштандыларды (шиналар, контейнерлер, иштен чыккан техникалар) кайра иштетүү маселесин чечүү маселеси Украиналык ишкерлер менен бирдикте караштырылууда. Жергиликтүү жашоочуларга кошумча жумуш орундарын түзүү боюнча учурда долбоорлорду даярдоого байланышкан иш-чаралар райондук администрацияларда жана шаардык мэрияларда жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Жыргалаң айылынын жашоочуларынын жайыт жана үлүш жерлери маселеси, “БИИМЭК” ЖЧКнын электр энергиясын сатып алуу жана таркатуу боюнча лицензияны узартууга жана 2013-жылга тарифтерди кайрадан карап чыгуу, «Saryjar Mineral Mining Company», «Central Asian Tin Company», «Mineral Trade», “Дреза” ЖЧКнын лицензияларына байланышкан маселелер, Чолпон-Ата шаарындагы таштандыларды тазалоочу курулмалардын, насостук станциялардын жана таштандылар өтүүчү түтүкчөлөрдүн реконструкциялоо жана капиталдык оңдоодон өткөрүү, Тамчы айыл аймагында таштандыларды тазалоочу жайды куруу, Каракол шаарындагы жылытуучу мештерди мэриянын балансына өткөрүү, Балыкчы шаарынын “Водоканал” ишканасынын карыздарын чечүү, Мамбетов атындагы айыл өкмөтүнүн Бүркүт айылында орнотулган күчтүк трансформатор маселеси, Семеновка айыл өкмөтүнө айдоо жерлерди кайтарып берүү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмасына ылайык тийиштүү министрликтер жана ведомстволор тарабынан каралууда.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү