20
Ноябрь
Учурда республика боюнча көмүр 1387,02 тонна камсыз болду, же бул көрсөткүч мерчемделген тапшырманын 99,5 пайызын түзөт, ал эми мазут 24,15 миң тонна камдалып, 48,99 пайыз мерчемге барабар.
Катуу отун менен мазутту даярдоо мерчеми жана учурдагы абалы:
Көмүр (миң тонна):
Жалпысынан кыш мезгилине -1985,8;
Апрель-ноябрь айларына - 1393,5;
Иш жүзүндө - 1387,02;
Учурдагы % - 99,5.
Мазут (миң тонна):
Жалпысынан кыш мезгилине - 69,43;
Апрель-ноябрь айларына - 49,3;
Иш жүзүндө -24,15 ;
Учурдагы % -48,99.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 512 отун базасы жана калкка көмүр таркатуучу жайлары бар. Бул былтыркы жылга (2012-2013-жж.-361) салыштырмалуу 151 базага көп.
Республикада отун базаларында көмүрдүн баасы 1200 дөн 9500 сомго чейин.
Аймактардагы көмүрдүн баасы (тоннасы/сом):
Жалал-Абад облусу - 2500-5500;
Ош облусу - 2900-6500;
Баткен облусу - 3750-9500;
Ысык-Көл облусу- 3200-5000;
Нарын облусу - 1200-3400;
Талас облусу - 3800-4500;
Чүй облусу - 3200-4000;
Ош шаары - 4500-5000;
Бишкек шаары - 3100-3400.
2013-жылдын 18-ноябрына карата калк үчүн 824.35 миң тонна кара алтын даярдалган, мерчемде 600,07 миң тонна каралган (137,4 % ашык даярдалды).
Чүй облусу:
Кышка карата даярдык мерчеми (миң тонна) - 318,970;
01.12.13ж.мерчеми (миң тонна) -113,970;
18.11.13ж.иш жүзүндө (миң тонна) - 283,914;
Мерчем (%) - 249,1.
Нарын облусу:
Кышка карата даярдык мерчеми (миң тонна) -22,750 ;
01.12.13ж.мерчеми (миң тонна) -21,300;
18.11.13ж.иш жүзүндө (миң тонна) -18,108 ;
Мерчем (%) -85,0.
Бишкек шаары:
Кышка карата даярдык мерчеми (миң тонна) -132,300 ;
01.12.13ж.мерчеми (миң тонна) -103,400;
18.11.13ж.иш жүзүндө (миң тонна) - 132,304;
Мерчем (%) - 128,0.
Талас облусу:
Кышка карата даярдык мерчеми (миң тонна) - 41,500;
01.12.13ж.мерчеми (миң тонна) - 35,500;
18.11.13ж.иш жүзүндө (миң тонна) - 35,128;
Мерчем (%) - 99,0.
Ысык-Көл облусу:
Кышка карата даярдык мерчеми (миң тонна) -74,870;
01.12.13ж.мерчеми (миң тонна) -46,010;
18.11.13ж.иш жүзүндө (миң тонна) -36,005;
Мерчем (%) - 78,3.
Баткен облусу:
Кышка карата даярдык мерчеми (миң тонна) -57,000;
01.12.13ж.мерчеми (миң тонна) -52,000;
18.11.13ж.иш жүзүндө (миң тонна) -49,014;
Мерчем (%) -94,3.
Ош облусу:
Кышка карата даярдык мерчеми (миң тонна) -129,611;
01.12.13ж.мерчеми (миң тонна) -105,600;
18.11.13ж.иш жүзүндө (миң тонна) -118,420;
Мерчем (%) -112,1.
Ош шаары:
Кышка карата даярдык мерчеми (миң тонна) -15,190;
01.12.13ж.мерчеми (миң тонна) -11,990;
18.11.13ж.иш жүзүндө (миң тонна) -12,924;
Мерчем (%) -107,8.
Жалал-Абад облусу:
Кышка карата даярдык мерчеми (миң тонна) -120,300;
01.12.13ж.мерчеми (миң тонна) -110,300;
18.11.13ж.иш жүзүндө (миң тонна) -138,535;
Мерчем (%) -125,6.
Баардыгы:
Кышка карата даярдык мерчеми (миң тонна) -912,491;
01.12.13ж.мерчеми (миң тонна) -600,070;
18.11.13ж.иш жүзүндө (миң тонна) -824,352;
Мерчем (%) -137,4.
Бишкек шаардык жылуулук электр борбору үчүн көмүрдүн жылдык даярдыгы 850 миң тонна, мазут- 20 миң тонна.
Бүгүнкү күндө 431,281 миң тонна көмүр (учурдагы мерчемдин 82,78%) даярдалды, анын ичинде Казакстандыкы – 262,785 миң тонна, Кыргызстандыкы – 168,496 миң тонна.
Борбор калаанын жылуулук электр борборундагы көмүрдүн калдыгы учурда 311,3 миң тоннаны түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 16 миң тоннага көп.
Ош шаардык жылуулук электр борборуна 23,5 миң тонна мазут даярдоо керек болсо, 2013-жылдын 18-ноябрына карата анын 12.2 миң тоннасы “Кыргызмунайгаз” ААКтан жеткирилген.
Ош шаардык жылуулук электр борборундагы мазуттун калдыгы 17,004 миң тоннана түзөт.
Эскерте кетсек, быйылкы жылы от жагуу мезгили 25-октябрда башталган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү