30

Январь

2015

«Газпром» ААК Кыргыз Республикасын 2015-2017-жылдарга газ менен камсыздоо жана газдаштыруу боюнча инвестициялык программасын тартуулады

Бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасын газ менен камсыздоо жана газдаштыруунун башкы схемасы жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧК 2015-2017-жылдарга инвестициялык программасынын бетачарын тартуулоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезексиз кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге «Газпром» ААК төрагасы Алексей Миллер, «Газпром» ААК башкармалыгынын жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧК директорлор кеңешинин мүчөлөрү, «Газпром» ААК подразделение жетекчилери, ошондой эле мамлекеттик орган жетекчилери катышты. Кеңешменин жүрүшүндө 2015-2017-жылдарга карата инвестициялык программа тартууланды. «Газпром» ААК Курулуш департаментинин начальниги Сергей Прозоров маалымдагандай, программа алкагында 720 газ өткөрүүчү магистралдын коопсуздугун жогорулатуу жана өнүктүрүү: компрессордук станциялардын тийиштүү иштешин камсыздоо, бардык 27 газ бөлүштүрүүчү станциялардын ишенимдүү автоматташтырылган ишин камсыздоо, нормага дал келтирүү, модернизациялоо; ошондой эле газ бөлүштүрүүчү тармактын 2 115,9 км ишенимдүүлүгүн жогорулатуу каралууда. «Кыргыз Республикасынын газ транспорттук тутумунун аталган элементтери 2015 -2017-жылдарга салым салынуучу обьектилери болуп калды», — деди Сергей Прозоров. Ал белгилегендей, үч жыл аралыгында «Газпром» өзүнө КР газ транспорттук тутумунун иштеп жаткан элементтерин коопсуздугун камсыздоо, жогорулатуу милдеттенмесин алат. «Газпром» ААК Курулуш департаментинин начальнигинин айтымында, 2015-2017-жылдар аралыгында 45 млрд 480 млн сомдук инвестициялык программа ишке ашырылат. «44 млрд 119 млн сом капиталдык курулушка, 50 млн сом материалдык эмес активдерди түзүүгө, тактап айтканда, программалык камсыздоону сатып алууга, ошондой эле башкаруу тутумун автоматташтырууга даярдык көрүүгө багытталат. Ал эми 1 млрд 240 млн сом монтаждоого муктаж болбогон жабдууларды сатып алууга сарпталат”, - деди Сергей Прозоров.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү