25
Ноябрь
2010-жылдын июнь окуяларында жабыркагандар үчүн курулган турак-жайларды бөлүштүрүү боюнча мамкомиссиянын XII кеңешмесинин жыйынтыгы тууралуу
Тайырбек Сарпашев белгилегендей, комиссиянын аталган жыйыны акыркысы болуп саналат. «Комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттердин дээрлик бардыгын аткарып бүттү. Комиссиянын кароосуна көптөгөн документтер келип түшкөн. Келип түшкөн документтерди тыкыр иликтеп чыгуунун натыйжасында белгилүү болгондой, маалымдамалардын көбү жасалма болгон жана курулган турак-жай тийиштүү эсептелген жарандардын категориясына кирбестиги аныкталган. Буга байланыштуу көптөгөн жарандарга терс жооп кайтарылган. Комиссияга азыркыга дейре арыздар келип түшүүдө, бирок алар комиссиянын жоопкерчилигине кирбейт», — деди Биринчи вице-премьер-министр.
Кеңешме жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу районунун жана Жалал-Абад облусунун 26 жабыркаган үй-бүлөсүнө батир бөлүнгөн. Жабыркаган 10 үй-бүлө үчүн - эки бөлмөлүү батирлер, ал эми 5 үй-бүлөгө – бир бөлмөлүү, 9 үй-бүлөгө – үч бөлмөлүү жана эки үй-бүлөгө төрт бөлмөлүү батир бөлүнгөн.
Маалымдама. Жалпысынан июнь окуясынан кийин комиссия тараптан акыркы кеңешмени эске алганда, жабыркаган үй-бүлөлөргө 817 батир берилген.
Мурдараак мамкомиссия төрагасы милдетин Уктомхан Абдуллаева, Ибрагим Жунусов жана Гүлнара Асымбековалар аткарышкан.
Мамдирекция тарабынан социалдык жана инфраструктуралык объектилерден тышкары 34 көп кабаттуу турак-жай жана 1 576 квартира салынган. Ошондой эле 6 миңден ашуун жабыркаган үй-бүлөлөр жана ишкерлер жалпы суммасы 700 млн сомдон ашуун эсептелген 50 миң сомдон компенсация жана 200 миң сомго чейинки ссудаларды алышкан.
