05

Декабрь

2019

Областтык өнүктүрүү фонду

Жалал-Абад областынын  өнүктүрүү фонду тарабынан Базар-Коргон районуна таштанды ташуучу машина жана Сейдигум айыл аймагына айыл чарба жерлерин  сугат суу менен камсыздоо максатында эксковатор сатып алып берилди. Аларды тапшырууга област жетекчи Кыянбек Сатыбалдиев катышты. 

Район борборунда буга чейин таштанды ташууда машиналар эскирип маселе жаралып баштаган. Мындан улам «Таза коом-таза жашоо»  долбоорунун алкагында техникалар алынды. Ал эми Сейдигум айыл аймагына алынган эксковатор да аймактагы зарылчылыкка байланыштуу ишке ашырылды. Себеби жазгы суулар көбөйгөн учурда сел-каналдардан суу ашып айылдарда бир топ көйгөйлөр жаралып келген. 

Жалал-Абад областтык Өнүктүрүү фондунун каржылоосунда   2019-жылы байкоочу кенештин чечиминин негизинде 16 долбоор  каржылоого алынган. Алар: Бала бакчаларды куруу, бала-бакчаларды ремонттоо, Алыскы райондорго комбайн  жана башка техникаларды сатып алуу, скважиналарды куруу, коопсуз шаар долбоорун ишке ашыруу, мектептердеги ремонттор, жылуулук системаларын капиталдык ремонттоо, мектептердин кичи футбол аянтчасын куруу, спорт залдарды бүтүрүү долбоорлору ишке ашырылган.