30

Январь

2020

Облустук өкүлчүлүктүн жыйындар залы заманбап жабдуулар менен камсыздалды

Акыркы үч жылда Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүүнү илгерилетүү, өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыты болуп калды. Өлкөнүн алыскы аймактарында санариптештирүүнүн натыйжалуулугун арттырууга өзгөчө көңүл бурулуп келүүдө.

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имаратында   жыйындарды онлайн режиминде өткөрүүгө толук шарттар түзүлдү.

Өкүлчүлүктүн чакан залы эмеректер жана техникалык жабдуулар менен камсыздалды. 

Жыйындар залынын заман талабына ылайык жабдылуусу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик институттар менен иштөөсүндө оперативдүү жыйындарды өткөрүүгө, өз убагында чечимдерди кабыл алууга шарт түздү. Ошондой эле  иш сапарга кетүүчү убакытты жана чыгымдарды азайтканга мүмкүн болот. 

Жыйындар залын жабдуу Россия Федерациясынын  жана БУУнун колдоосу менен ишке ашты.  

Электрондук регион

Календарь