03
Февраль
2012
Өкмөттүн программасын, Өкмөттүн Иш-аракеттер планын ишке ашыруу максатында, жаңы Конституцияга жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамына ылайык, мамлекеттик администрациялардын башчысы-акимдердин кызматына талапкерлерди көрсөтүү туурасында чечим кабыл алдым.
Мамлекеттин өнүгүүсүнүн демократиялык принциптерин сактоо жана тандоо эркиндигине болгон укукту камсыздоо менен райондук кеңештердин кароосуна акимдердин кызматына 3төн талапкер киргизилген.
Баса белгилеп койчу жагдай – талапкерлердин тизмеси саясий партиялардын, жергиликтүү бийлик органдарынын сунуштарын жана пикирлерин эске алуу менен жана Өкмөт бекиткен квалификациялык талаптарга ылайык түзүлгөн.
Тилекке каршы, айрым райондордо бул процессти саясатташтырууга аракеттер жасалып жатканы байкалууда. Акимдерди тандоо ачык-айкын, объективдүү жана жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдарынын кийлигишүүсүз өтүшү керектигин баса белгилеп койгум келет.
Ошондо эле райондук кеңештердин депутаттарын акимдерди тандоо процесстерине кийлигишүүгө болгон аракеттерге бөгөт коюп, объективдүү жана туура чечим кабыл алып, талапкерлердин ичинен татыктуусун тандап алууга чакырам.
Мен укук коргоо органдарына акимдерди тандоо процессине ар тараптуу көз салып, шайлоо процессинде мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн өз убагында жана ыкчам чараларды көрүүгө тапшырма бердим.
Акимдерди тандоо демократиялык нукта, ачык-айкын жана жогорку уюшкандык деңгээлде өтүшү керек.