14
Октябрь
2014
Жерүй кенин иштетүү максатында жер казнасын пайдалануу укугуна кайтадан сынак өткөрүү боюнча комиссия түзүлдү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев тийиштүү токтомго кол койду, ага ылайык, Жерүй кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык жактан иликтөө максатында жер казнасын пайдалануу укугуна кайтадан сынак өткөрүү боюнча комиссия түзүлдү.
Токтомго ылайык, Ведомство аралык сынактык комиссия бир айлык мөөнөттө сынакты өткөрүү шартын жана тартибин, ошондой эле жеңүүчүнү аныктоо талаптарын иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизиши тийиш.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү