25

Январь

2012

Бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлнара Асымбекова БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Джонатан Вейтч менен жолугушту. Жолугушуу учурунда АИВ- инфекциясы бар балдарга жардам көрсөтүү боюнча  биргелешкен аракеттердин планы жана азыркы учурдагы жагдайлар талкууланды. Вице-премьер-минитр Гульнара Асымбекова Кыргызстандын Өкмөтү менен эл аралык уюмдардын, өлкөдөгү балдардын кызыкчылыгы менен укуктарын коргоого багытталган чаралардын аткарылышын координациялоо керектигин белгиледи. “АИВ-инфекциясы бар балдарга карата көрүлүп жаткан социалдык жана медициналык чаралар ата-энелери  коротуп жаткан чыгымдарга чак келбей жатат”, - деди Г.Асымбекова. Вице-премьер-министр ЮНИСЕФтин өкүлдөрүн АИВ-инфекциясы бар балдардын руханий өнүгүүсү жана коомго тез адаптацияланышы үчүн жаңы программаларды иштеп чыгууга чакырды. Өз кезегинде Джонатан Вейтч АИВ-инфекциясы бар балдарды коргоо тармагында иштеп жаткан программалар туурасында маалымдады. “Балдардын АИВ-инфекциясын дарылоо үчүн клиникалык протоколдорду даярдоодо, энеден балага АИВ-инфекциясынын жугушунун алдын алууда АИВ-инфекциясы бар балдарды дарылап жана профилактикалык чараларды көрүп жаткан дарыгерлерге атайын окутуу тренингдерин өткөрүү боюнча бир топ жумуштар жасалды. Өлкөнүн түштүк жергесинде АИВ-инфекциясы бар балдардын энелери менен да иш алпарылууда”, - деди ЮНИСЕФтин өкүлү. Ошондой эле Дж.Вейтч мырза АИВ-инфекциясы бар балдардын коомдо басмырлоо кабылбашы үчүн жаңы социалдык программалардын иштелип чыгышын колдоорун билдирди. Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Г.Асымбекова ЮНИСЕФтин өкүлдөрүнө  көп жылдан берки  кызматташтыгы жана Кыргызстандагы балдардын укугун коргоодо биргелешкен иш-чаралардын иштелип чыгышына жана ишке ашышына көрсөткөн жардамы үчүн  ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакынкы келечекте көзгө көрүнгүдөй жыйынтыкка жетишүү үчүн мамлекеттик саясаттын алкагында биргелешкен ишти улантуу керектигин белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү