17

Февраль

2012

Бүгүн, 17-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов КР Социалдык фондусунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды. М.Абулгазиев Өкмөт башчысына ведомствонун былтыркы жылдагы ишмердүүлүгү жана ушул жылдагы милдеттери туурасында маалымат берди. Ошондой эле Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун пенсияларды жашоо үчүн керек болгон минимумдун деңгээлине жеткирүү боюнча берген тапшырмасынын аткарылышы туурасында сөз болду. М.Абулгазиевдин сөзүнө караганда, азыркы тапта республикадагы пенсиялардын орточо көлөмү 3690 сомду түзөт, ал эми жашоо үчүн керек болгон минимум Кыргызстанда 4180 сомго барабар. Премьер-министрдин аталган тапшырмасын аткаруу максатында Социалдык фонд тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүздү. Алардын негизинде май айында пенсиялардын камсыздандыруучу бөлүгү 11% көбөйтүлүп, орто эсеп менен, 4082 сомду түзөт. Тиешелүү токтомдун долбоору Өкмөттүн кароосуна киргизилмекчи.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү