02
Октябрь
Күз-кыш мезгилине өз мөөнөтүндө жана сапаттуу даярдык көрүү боюнча ишти текшерүү боюнча иштиктүү топтордун көчмө жыйындарынын жыйынтыгы талкууланды
Үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында кеңешме өтүп, анын жүрүшүндө алдыдагы күз-кыш мезгилине өз мөөнөтүндө жана сапаттуу даярдык көрүү боюнча ишти текшерүү боюнча иштиктүү топтордун көчмө жыйындарынын жыйынтыгы талкууланды.
Кеңешмеде иштиктүү топтордун жетекчилеринин аймактагы абал жана калктын жана экономика тармагынын келерки жылытуу мезгилине карата даярдыгын текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу баяндамалары угулду. Алар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жеринде жетишсиз деңгээлде иш алып барып жаткандыгын белгилеп, жылытуу мезгилине толук кандуу даярдык көрүүгө тоскоолдук келтирген конкреттүү фактылар тууралуу айтып беришти.
Кеңешме соңунда Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2014-жылдын 15-октябрына дейре ыкчам чараларды кабыл алып, иштиктүү топ мүчөлөрү тарабынан аймактарды кыдыруу учурунда белгиленген кемчиликтерди жоюу тууралуу кеңири маалыматты сунуштоону тапшырды. Ошондой эле аларга коомчулук менен байланышты күчтөндүрүү жана ЖМКда үзгүлтүксүз отчет менен чыгып, өз убактысында калктын суроо-талабына жооп кайтаруу жоопкерчилиги жүктөлдү.
Ошондой эле Премьер-министр иштиктүү топ жетекчилерине келерки жылытуу мезгилине карата даярдыктын жүрүшүн үзгүлтүксүз көзөмөлгө алып, кандайдыр-бир кемчиликтер аныкталган кезде аларды жоюу боюнча ыкчам чараларды кабыл алуу тапшырмасын берди.
Алар жеринде Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекция, Антимонополдук жөнгө салуу мамагенттигинин, Билим берүү, Саламаттык сактоо министрлигинин, күч түзүмдөрүнүн, Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун жана башка органдардын өкүлдөрүн тартуу менен ыкчам иштиктүү топторду түзүүсү керек.
Иштиктүү топ жетекчилери алдына төмөнкү милдеттер коюлду:
- жума сайын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевге аймактардагы келерки жылытуу мезгилине карата даярдык көрүүнүн абалы тууралуу маалымат берүү;
- жума сайын ЖМК аркылуу жылытуу мезгилине карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маселе боюнча маалымат берип туруу;
- 2014-жылдын 25-31-октябрына дейре аймактарга барып, жеринде обьективдүү абалды иликтөө, КР Өкмөтүнүн 2014/2015-жылкы күз-кыш мезгилине калкты жана экономика тармактарын даярдоо боюнча тапшырмасынын ишке ашырылышын текшерип жана анын жыйынтыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевге маалымдоо;
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев белгилегендей, келерки жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү боюнча милдеттер тийиштүү деңгээлде аткарылбаган учурда тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамадминистрациялардын өкүлдөрүнө карата кызматтан бошотууга дейре тартиптик чаралар көрүлөт.
Иштиктүү топтор облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана отун-энергетикалык комплекс ишканалары менен бирдикте төмөнкүлөрдү такай көзөмөлдөөнү камсыздап турат:
- калкты көмүр менен камсыздоонун жүрүшү, анын сапаты жана баасы;
- электр энергиясын пайдалануу лимити боюнча милдеттердин аткарылышы;
- электр энергиясын жылытууга пайдаланган керектөөчүлөрдүн мештерин өчүрүү графигинин аткарылышын көзөмөлдөө;
- энергетикалык тармактагы түзүлгөн кырдаал, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жана ал боюнча чараларды кабыл алуу зарылдыгы тууралуу электр керектөөчүлөрү арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- келерки жылытуу мезгилине даярдыктын жүрүшү тууралуу ЖМК үзгүлтүксүз чагылдырылып турушун көзөмөлгө алуу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополдук жөнгө салуу мамагенттигине көмүрдүн баасы негизсиз түрдө өсүп кетпөөсүнө жол бербөө максатында, калкка сатылып жаткан көмүрдүн биринчи жана экинчи рыноктогу баасын көзөмөлгө алуу тапшырылды.
Өкмөт башчы кеңешме жыйынтыгы боюнча белгилегендей, калк келерки жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу малымдар болуусу керек. «Калк менен кеңири байланыш болушу керек. Ал эми биз жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан күз-кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшү ыкчам жана обьективдүү чагылдырылышын күтөбүз»,- деди Жоомарт Оторбаев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү