13
Январь
Бүгүн, 12-январда, Өкмөттүн жыйынында “Кыргыз Республикасынын минералдык-чийкизат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсеп жөнүндө” токтомдун долбоору каралды.
Мамлекеттик геология агенттигинин директору Ишенбай Чунуевдин айтуусу боюнча көз карандысыздыка жетишкенден бери геологиялык жумуштарга мамлекеттин бюджетинен анча көп эмес финансы каражаттары бөлүнүп келген. Ал каражаттарга толук кандуу геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес эле. Учурда Мамгеологияда 800-900 адам иштеген беш экспедиция иштөөдө жана мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат 2 миң метр скважинаны бургулоого жетишет.
Аталган токтомдун долбоорунда “Кен пайдалануу тармагындагы нормативдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2012-ж. 14-декабрындагы №834 токтомуна айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды.
Жогоруда айтылган токтом менен бекитилген кен байлыктарын колдонуу укугун аукциондо өткөрүүнүн тартиби жана шарттары тууралуу жобонун:
- 65 пункттагы “70 пайыз республикалык бюджеттин кирешесине чегерилет, 15 пайыз –кен жайгашкан жердин жергиликтүү бюджетинин кирешесине, 15 пайыз аукционду уюштуруучулардын атайын эсебине чегерилет” деген цифралар жана сөздөр “85 пайыз республикалык бюджеттин кирешесине чегерилет, 7 пайыз кен жайгашкан жердин жергиликтүү бюджетинин кирешесине, 1 пайыз аукционду уюштуруучулардын атайын эсебине жана 7 пайыз Кыргыз Республикасынын минералдык чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсебине чегерилет” деген цифралар жана сөздөргө алмаштырылсын.
“Мындай иш чаралар келечеги бар кен чыгуучу жерди тандап, мамлекеттик баланска коюп, геологиялык баа берип, анан өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн конкурска коюга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары атайын эсептин каражаттарын жер алдындагы сууларды өздөштүрүүгө жумшоо пландаштырылууда”,-деп маалымдады Ишенбай Чунуев.
Талкуудан кийин токтомдун долбоору министирлер кабинети тарабынан түшкөн сын пикирлерди, сунуштарды эске алуу менген кабыл алынды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү