18

Ноябрь

2014

Аткаруу бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 2014-2017-жылдарга карата электрондук башкарууну киргизүү боюнча Программа жактырылды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койгон.

Документ аткаруу бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдаланууну жакшыртуу, алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, 2013-2017-жылдарга карата Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясына ылайык, сунушталган электрондук тейлөө тармагын кеңейтүү жана анын ачыктыгын камсыздоо максатында кабыл алынган.

Программада Кыргыз Республикасында 2014-2017-жылдарга карата электрондук башкарууну өнүктүрүүнүн жети келечектүү багыттары боюнча максаттуу милдеттери белгиленген. Ар-бир максаттуу милдет бир катар стратегиялык иш-чаралар аркылуу колдоого алынат, алар Программаны ишке ашыруунун үч баскычында: даярдык көрүү (2014-ж), өткөөл (2015-ж) жана пайдаланууга берүү баскычында (2016-2017-ж) ишке ашырылат.

Биринчи баскычта 2014-жылы уюштуруу жана башкаруу мүнөзүндөгү даярдык көрүү иш-чараларын жүргүзүү каралган.

Экинчи баскыч (2015-ж) электрондук башкаруунун жаңы нормативдик-укуктук базасын уюштуруу боюнча иш-чараларды толук кандуу ишке ашырууга өтүү баскычы болуп саналат.

Үчүнчү баскычта 2016-2017-жылдары бардык тийиштүү НУА кабыл алуу жана жалпы инфраструктуралык, платформалык жана программалык сервистерди пайдаланууга киргизүү, ошондой эле базалык тизимдерди уюштурууну жана жарандар жана бизнес-коомчулук үчүн пландаштырылган келечектүү электрондук тейлөөлөрдү ишке ашыруу үчүн колдогу маалымат базаларын бириктирүү жана базалык тизимдерди уюштурууну жыйынтыктоо каралууда.

Үчүнчү баскыч мамлекеттик башкаруу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган кызматкерлерин, ошондой эле калктын кеңири чөйрөсүн электрондук-маалыматтык сабаттуулукка массалык түрдө үйрөтүүгө багытталган.

Программаны ишке ашырууну мамлекеттик бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы тартылган каражаттын алкагында каржылоо пландаштырылууда.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү