17

Май

2020

Өкүл энелерди майрамы менен куттуктады!

Урматтуу улуттун учугун улаган кадырман апалар!

Сиздерди энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздер бар үчүн адамзат бар. 

Бизге өмүр, жашоо тартуулаганыңыздар үчүн тизе бүгүп таазим этебиз!

Урматтуу апалар!

Менин апам 80 жашта, ал 13 баланы төрөп,өстүрдү. 

Учурда 105 небере, чебереге акыл насаатын айтып, тарбиялап келет. 

Атамдан эрте айрылып, жалгыз өзү баарыбызды эл катарына кошту.

Апамдын кайратмандыгы, эрктүүлүгү, мээримдүүлүгү мага бардык энелердин улуу касиетин туюнтат.

Эне мээрими ар бирибиздин жүрөгүбүздөн түнөк таап, демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп, шыктандырып турат.

Сиздердин бала тарбиялоо, үй бүлөнү чыңдоо жана бакубат өлкөнү куруудагы кошкон салымыңыздар зор. 

Аялзатына тийиштүү болгон энелик мээрим, талыкпаган кажыбас эмгек, акылдуулук  менен сабырдуулук касиетиңиздерге таазим этебиз. 

Майрамыңыздар кут болсун!