03
Декабрь
Өкмөт өкүлү коомдогу аярлуу катмардын каармандарын куттуктады
Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү коомдогу аярлуу катмардын каармандарын куттуктады
Бүгүн, 3-декбарь Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата, КРдин Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесине барып жеринде куттуктады.
Анда облус башчы, жыл сайын ушул күндү белгилөө —мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, айрыкча ушул жайдагы балдарга өзгөчө кам көрүү зарыл экенин белгиледи.
Аталган мекемеде учурда Кыргызстандын ар тарабынан келген 4 жаштан 18 жашка чейинки ар кандай стадиядагы майыптык статуста турган 90дой бала бар.
Мекемедеги балдарды куттуктаган Өкмөт өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев балдар психоневрология үй-интернатынын реаблитациялоо корпусу менен да таанышты. Аталган имарат 2017-жылы курулуп баштаган. Ал кыргыз Өкмөтү менен ЕвроСоюз келишиминин негизинде башталган. Реаблитациялоо корпусу 2 кабаттуу болуп салынууда, анда ал жайдагы балдарга ылайыктуу ыңгайлуу шарттар жаралып жатат жана заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалууда.
Имараттын курулушуна республикалык бюджеттен жалпы 100млн 380 миң с каражат жумшалган.Ал эми курулуштан сырткары 48 млн с эмерек алууга тендер жарыяланды. Керектүү эмеректер алынган соң, ачылышы 2020-жылдын алгачкы айларына кутүлүүдө.
Курулуш, 2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын” алкагында аяктап жатат.