25

Апрель

2020

Өкмөт Нарын шаарындагы үй-бүлөлөргө колдоо көрсөттү

Өкмөттөн Нарын шаарына дагы 1 миллион 600 миң сом бөлүнүп, Нарын шаардык мэриясы тарабынан муктаждыгына жараша 1000 үй-бүлөгө ун, 1019 үй-бүлөгө азык-түлүк толтурулган баштыктар даярдалды.

Бул жардам кырдаалга байланыштуу тамак-аштан кыйналып турган үй-бүлөлөргө таратылып берилмекчи.

Белгилей кетсек, Өкмөт тарабынан өткөн жумада дагы Нарын шаарындагы 1250 үй-бүлөгө 1 миллион сомго ун таратылып берилген.

Бүгүн, 25-апрелде Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов даярдалган азык-түлүктөрдү көрүп, аларды муктаж болуп турган адамдарга даректүү жеткирип берүү негизги милдет экендигин билдирди. Айрыкча кырдаалга байланыштуу жумушу токтоп калган, кыйналса да жардам алгандан тартынып отурган үй-бүлөлөрдү таап, колдоо көрсөтүүнү шаар жетекчилигине тапшырды.

Ошондой эле ушул оор күндөрдө күн-түн эл үчүн иштеп жаткан мэриянын кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирип, кимдин канчалык деңгээлде иштеп жатканы, канчалык көтөрүмдүү экендиги оор учурларда билинээрин белгиледи.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.