01

Июнь

2020

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов балдарды 1-июнь балдарды коргоо күнү менен куттуктады

Кымбаттуу балдар!

Баарыңарды 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Силер биздин- бактыбыз, кубанычыбыз, жашообуздун максатысыңар. 

Акылдуу, адептүү, билимдүү жана мекенчил болгула. 

“Жаштын тилегин берет” дейт элибиз. Жакшы максаттарды коюп, алга карай умтулгула. 

Силер – биздин келечегибиз, силердин  көңүлүңөр куунак, ден соолугуңар чың, илим-билимдүү жана жан дүйнөсү бай адам болушуңар  үчүн бардыгын жасайбыз.

Балдарды коргоо, татыктуу тарбиялоо, тынч жана коопсуз жашоосун камсыз кылуу  үчүн,  бардык аракеттерди көрөбүз.  

Айрыкча ата-энесинен айрылып калган балдардын тагдыры, аларды  социалдык жактан колдоп, коргоо үчүн да зарыл  болгон шарттар түзүлүп келет жана мындан ары да алар камкордукта болоорун белгилеп кетким келет.

Урматтуу ата энелер! 

Балдар дайыма чоңдордун камкордугу менен коргоосуна муктаж.

Ар бир баланын жашоодо өз ордун тапкан инсан болуп калыптанышына  көмөктөшүү, биздин милдетибиз. 

Баарыбыз бала тарбиялоого өзгөчө мамиле жасообуз абзел. 

Анткени алардын  акылдуу, билимдүү, жөндөмдүү болуп чоноюшу, биздин келечекке салган инвестиция.

Күчтүү жаңы муундун калыптанышына, жоопкерчилик жана ынтызарлык менен мамиле жасайлы.

Сүйүктүү балдар!

Майрамыңар кут болсун! 

Силерге бекем ден-соолук, кең келечек каалайм.