24

Апрель

2020

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловдун ыйык Рамазан айына куттуктоосу


"Урматтуу Нарын облусунун тургундары! Кадырлуу мусулмандар! 

Сиздерди кирип келген ыйык Рамазан айы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Он бир айдын султаны болгон Рамазан айы мусулмандардын жан дүйнөсүн тазартып, адеп-ахлактык, руханий жактан тазаланууга, адамдардын боорукердик, кечиримдүүлүк, сабырдуулук сезимдеринин ойгонушуна таасир берет. 

Отуз күн орозо кармоо менен Алла Таалага ибадат кылып, жүрөгүбүздү ыйманга, жашообузду жакшы адаттарга багыттайбыз. Аруу тилектерди тилеп, бири-бирибизге кайрымдуулук, кечиримдүүлүк кылабыз. Пейилибизди, ниетибизди түздөп, жан дүйнөбүздү тазартабыз. Рамазан айынын өзгөчөлүгү жана ыйыктыгы ушунда. 

Улуу Рамазан айында ар бириңиздердин изги тилектериңиздер орундалсын! Алла Таалам элибизге ден соолук, аманчылык, жерибизге  тынчтык, ынтымак, ырыскы берсин!  Дүйнө жүзүнө келген Жараткандын сыноосун сабырдуулук, биримдик менен жеңип, жаркын келечекке бирге жетели!

Туткан орозоңуздар кабыл болсун!"