12

Декабрь

2019

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту

“Өлкөнүн эң башкы байлыгы – мамлекеттин ичиндеги калктын ынтымагы. Бул багыт бизде мамлекеттик саясаттын да приоритеттик багытарынын бири. Ошондуктан, биздин Ош облусунда улуттар аралык, региондор аралык ынтымакка басым жасап келебиз”, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы өкүлү Фернане де Варенес мырзаны кабыл алуу учурунда.

Жолугушууда Ош облусундагы улуттар аралык мамилелердин абалы жана келечекке карата улуттар аралык интеграциялык процесстин жакшыруусу боюнча маселелер талкууланды.

Өз мезгилинде БУУ нун өкүлү Фернане де Варенес мырза Орто азияда Кыргызстандын демократия менен жарандар укугуна артыкчылык берген саясаты үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташуу пландары менен бөлүштү.

Анын бир мисалы катары, Жогорку Кенеш тарабынан колдоого алынган кабыл алынган гендердик тең салмактуулук боюнча мыйзамды белгилеп, аны реализациялоо мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Алдыда социалдык ишкерлик, аялдар укугу жана аялуу катмарлардын корголушу тууралуу бир топ долбоорлор улантылаарын билдирди

Электрондук регион

Календарь