05

Май

2020

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев облустун элин куттуктады

img

Кымбаттуу Ош областынын тургундары, урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  аппаратынын жана өзүмдүн атымдан  Кыргыз Республикасынын   Конституция күнү менен чын дилден куттуктаймын!

 1993-жылы 5-майда көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган. Ал постсоветтик мейкиндикте эң демократиялуу, прогрессивдүү Конституция катары таанылган. Баш мыйзамда жарандарыбыздын бардык укуктарынын корголушу кепилденген.

Эгемендуулуктун жылдары ичинде  Кыргызстан өнүгүүнун женил эмес жолун  басып өттү. Бардык тармактарда реформалар ишке ашырылып, укуктук-демократиялык жолдо өнүгүү өз нугунда прогрессивдуу алга баратат. Кыргызстанда бийлик бутактарынын чыныгы тең салмагы камсыздалды.

Азыркы Баш мыйзам кыргыз элинин эркин мүнөзүнө, улуттук намысына шайкеш келип, ата-бабалардын көөнөргүс мурасын жандантып жана байытууга, жарандарыбыздын жаратман жана чыгармачыл ишине демөөр болууда.

2020-жыл мамлекет башчысы тарабынан "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештируу жана балдарды колдоо" деп жарыяланды. Анын чектеринде,  тиешелүү иш-чаралары  турмушка ашырылат. Бүгүнкү кырдаалда  санариптештирүү  өз жемишин берүүдө. 

Учурда дүйнө жүзүндө кооптуу илдет менен күрөшүүдө ар бириңиздерге сабырдуулук, күч-кубат, бекем ден-соолук каалайм. Мындай учурда биздин биримдик менен эгемендүүлүктүн күрөөсү болгон конституциябыздын  баалуулугу андан да маанилүү.

Урматтуу мекендештер, Ош областынын тургундары, ! Дагы бир жолу майрамыныздар менен куттуктаймын. Сиздерге мыкты ден-соолук, узун өмүр, бакубаттулукту жана бактылуулукту каалаймын.


Узарбек Жылкыбаев,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү