КР Өкмөтүнүн жыйынындагы күн тартибине кирген үчүнчү маселени кароо учурунда “Аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилеринин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна баа берүү критерийлери жөнүндө” маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев доклад жасады.
Анын сөзүнө караганда, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ишмердүүлүгүнө баа берүүнүн бир канча индекстери менен принциптери, тактап айтканда, объективдүүлүк, жеткиликтүүлүк, ачыктык, айкындык принциптери менен калктын ишеним көрсөтүүсү, эл аралык рейтингдеги абалы ж.б. индекстердин базалык көрсөткүчтөрү сунушталды.
“Бул система биринчи жолу киргизилип жатат, ошондуктан кынтыксыз деп айтууга мүмкүн эмес. Бул ыкма кийин аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилеринин ишмердүүлүгүнө баа берүүдөгү негизги курал болуп калат”, - деди Т.Сариев.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов сунушталган баа берүү системасынын критерийлери менен милдеттерин так аныктоону министр Т.Сариевге тапшырды.
“Бул маселелерди так аныктап чыгуу керек, мисалы, бир жыл аралыгында ИИМ “Коопсуз шаар” программасын ийгиликтүү ишке ашырса, Энергетика министрлиги бардык колдонуучуларга алдын ала төлөөчү эсептегич койдура алса, анда алардын ишин натыйжалуу деп баа берсек болот”, - деди Ө.Бабанов.
Премьер-министр мындан тышкары жергиликтүү администрация жетекчилеринин ишин стимулдаштыруу максатында облустар, райондор жана айылдар арасында жакшы иштегендер үчүн сыйлык жарыяланарын билдирди. Мисалы, жыл жыйынтыгында эң жакшы көрсөткүч көрсөтө алган облуска 5 млн. сом берилмекчи. Эң жакшы районго – 4млн. сом, экинчи орунга – 3млн. сом. Эң жакшы айыл округуна – 5 млн. сом, экинчи орунга – 4млн. сом, үчүнчү орунга – 2млн. сом берилмекчи.
“Жеңүүчүлөр жыл аягында биз ишке киргизип жаткан аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилеринин ишмердүүлүгүнө баа берүү системасынын чечими менен аныкталат”, - деди Ө.Бабанов.
Талкуунун жыйынтыгында бул долбоордун токтому кабыл алынды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү