13

Январь

2012

  Бүгүн, 12-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов социалдык чөйрөдөгү министрликтердин жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге КР вице-премьер-министри Гүлнара Асымбекова, КР Билим берүү жана илим министри Канат Садыков, КР Социалдык өнүгүү министри Равшан Сабиров, КР Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева, Жаштар, эмгек жана иш менен касыз кылуу министри Алиясбек Алымкулов, КР Социалдык фондунун төрагасы Мухаммедкалый Абулгазиев катышты. Кеңешмени ачып жатып. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштеп чыккан “Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо” программасында социалдык чөйрөнү өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин белгиледи. “2011-жылы социалдык чөйрөгө 48 млрд. сом жумшалып, анын ичинен 14,5 млрд. сом социалдык камсыздоого, 9,6 млрд. сом саламаттыкты сактоого, 16,6 млрд. сом билим берүүгө, социалдык төлөмдөргө – 4,8 млрд сом бөлүнгөн”, - деди Ө.Бабанов. Кеңешме учурунда вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекова калкты иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү, саламаттыкты сактоодогу, калкты социалдык коргоо жана билим берүү тармактарындагы негизги маселелер туурасында маалымат берди. Өкмөт башчы шаардык мектептердеги мамлекеттик тилди окуткан мугалимдер менен республиканын региондорундагы мектептердеги орус жана англис тили мугалимдеринин эмгек акысын 30%га көтөрүү керектигин баса белгиледи. Билим берүү чөйрөсүндөгү кырдаалга талдоо жүргүзүп жатып, Өмүрбек Бабанов жетишсиз болуп жаткан окуу китептери боюнча маселелерди чечүүнү тапшырды. “Окуу китептердин жетишсиздиги тууралуу маселе күн тартибинде турбашы керек”, - деген талап койду Премьер-министр. Ө.Бабанов жакынкы жылдарда мамлекетке зарыл болгон кайсыл кесиптерди даярдоо керектигин жана буга республикалык бюджеттен канча чыгым кетери тууралуу маалымат даярдоону тапшырды. Социалдык өнүгүү министри Р.Сабировго жардамга муктаж болуп жаткан жарандарга мамлекет тарабынан даректүү түрдө жардам берүү механизмин иштеп чыгууну тапшырды. Мындан тышкары, Премьер-министр туруктуу жашаган жайы жок көчөдөгү адамдар жардам алып туруу үчүн чоң шаарларда тиешелүү борборлорду ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды. Саламаттыкты сактоо маселесине келгенде Өкмөт башчы бул системаны кескин түрдө реформалоо керектигин айтты. “Саламаттыкты сактоо системасын толук реформага муктаж, чогулган бардык көйгөйлөрдү инновациялык жол менен чечүү керек. Жеке медициналык тейлөөнү өнүктүрүүгө шарт түзүү зарыл. Мисалга, республикабызда жеке стоматология жакшы өнүгүп жатат. Калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапаты жогору болуш керек”, - деп баса белгиледи Ө.Бабанов. Пенсиялык камсыздоо маселесине кайрылып, Премьер-министр пенсиялардын өлчөмү жашоо үчүн зарыл болгон минимумга ылайык келиши керектигин белгиледи. Социалдык фонд Кыргызстандын чекене жана дүңү менен соода кылуучу объектилеринде иштеген жарандардан социалдык төлөмдөрдү натыйжалуу чогултуу боюнча сунуштарды киргизиши керек. Кеңешмени жыйынтыктап жатып, Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Өкмөттүн мүчөлөрүнүн ишинин критерийи болуп “Туруктуулук жана бакубат жашоо” Программасынын тиешелүү пункттарын жүзөгө ашыруу эсептелине тургандыгын белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик кызматка жаштарды тартуунун зарылдыгына басым жасады. “Өлкөдө таланттуу, билимдүү, эл аралык тилдерди билген мыкты жаштарыбыз арбын. Биз аларды мамлекеттик кызматка тартышыбыз керек. Орун басарларды тандоодо алардын чет тилин билгендиги башкы критерийлердин бири болушу керек”, - деп баса белгиледи Ө.Бабанов.    

 

[gallery link="file" order="DESC"]