09
Январь
2012
Бул тууралуу бүгүн, 9-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Административдик ведомстволорду реформалоо боюнча Өкмөттүк кеңешмеде сөз кылды.
Кеңешменин жүрүшүндө Ө.Бабанов Экономика жана монополияга каршы саясат министирлиги жетектеген комиссиянын тиешелүү административдик ведомстволорду реформалоонун долбоорун сунуштады. Бул комиссия ар бир мамлекеттик органдын функцияларын жана алардын мамлекеттик башкаруу системасындагы ордун аныктап чыккан.
Өз сөзүндө Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңеште Өкмөттүн программасын бекитип жатканда, биздин негизги багыттардын бири болуп, мамлекеттик аппарат менен чиновниктердин санын кыскартуу болгон.
“Өкмөттүн бекитилген түзүмүндө мамлекеттик органдардын саны төрткө кыскарып, бул бюджеттик чыгымдарды бир топко азайтты. Бүгүн биз мамлекеттик башкаруу системасын реформалоонун экинчи этабын карап жатабыз. Бул этап административдик мекемелердин ишин эффективдүү кылууга багытталат. Негизги басым мамлекеттик функцияларды оптималдаштыруу жана ашыкча, кайталоочу функциялардан баш тартууга жасалды”, – деди Премьер-министр.
Өкмөт башчы административдик имараттарды камсыздоо жана автоунааларга кеткен чыгымдарды кыскартуу керектигин баса белгиледи. “Мамлекеттик органдардагы автоунаалардын саны жалпысынан 40% га (1200 автоунаа) кыскартуу сунушталууда”, - деди Ө.Бабанов.
Ө.Бабанов Өкмөткө тиешелүү KG үлгүсүндөгү автомобилдик номурлар былтыр да бир топко кыскаргандыгын белгилеп кетти.
“Эми болсо KG номурлары дагы кыскартылып, Өкмөткө тиешелүү 21 гана KG номур калып, алар Өкмөт мүчөлөрүнө гана берилет. Калган бул сериядагы KG номурларынын баардыгы алынат”, - деп белгиледи Ө.Бабанов.
Ошондой эле, Ө.Бабанов административдик ведомстволордогу негизги өзгөрүүлөр тууралуу да маалымдады.
“2011-жылы Каржы полициясы реформаланып, ал экономика жаатындагы бардык мыйзам бузууларды тескеген жалгыз орган болуп аныкталып, кызматкерлердин саны 30% пайызга кыскарган. Бирок, бул реформа аягына чыга элек. 2012 - жылы Каржы полиция кызматы 50 пайыздан ашыкча кыскарып, жалпы оперативдик кызматкерлердин саны 200дөн ашпайт. Мындан сырткары, Каржы полициясынын катарына таза жана компетенттүү кадрларды алуу максатында Вице-премьер-министр Ж.Оторбаев башкарган атайын комиссия түзүлөт. Комиссия башчысынын орун басары Экономика жана монополияга каршы саясат министри Т.Сариев болот. Каржы полициясына иштейм деген бардык талапкерлер полиграфтын жардамы менен текшерилет”, - деп белгиледи Ө.Бабанов.
Кеңешме учурунда кыскартуулар Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратында да болору айтылды. Бөлүмдөрдүн жалпы саны 20дан 14кө чейин кыскарат.
“Административдик уюмдардын бекитилген структурасына жана республикалык бюджеттин чыгымдарын үнөмдөөгө ылайык, мамлекеттик аппараттын кызматкерлеринин саны жалпысынан эң кеминде 3200 адамга кыскарат. Сунушталып жаткан өзгөрүүлөрдүн негизинде 1 млрд. сом үнөмдөлөт”, - деп белгиледи Премьер-министр Өмүрбек Бабанов.