16

Январь

2012

  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Казакстандын Премьер-министри Карим Масимовду 2012-жылдын 15-январында Казакстан Республикасынын Мажилис Парламентине шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлгөндүгү менен куттуктады. Телеграммада мындай деп айтылат:

“Урматтуу Карим Кажимканович,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Казакстан Республикасынын Мажилис Парламентине кезексиз шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлгөндүгү менен куттуктоомду кабыл алып коюңуз. Шайлоо процессинин жыйынтыктары Казакстандын жетекчилиги жүргүзүп жаткан саясат Казакстан эли тарабынан абдан жогору баалана тургандыгын көрсөттү. Андан тышкары, чыныгы демократиялык жана ачык-айкын шайлоонун жүрүшүндө жетектөөчү “Нур-Отан” Элдик-демократиялык партиясынын ишенимдүү жеңиши Сиз жетектеген Өкмөт жүргүзүп жаткан, ошондой эле Казакстандын бай индустриалдык-өнөр жайлык потенциалын өнүктүрүүдөгү, социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдөгү иш ыргагынын ийгиликтүү жогорулашын камсыздаган реформалар ар тараптан колдоого алынып жаткандыгын көрсөттү.   Мамлекеттерибиздин ортосундагы алакабыз тамыры терең жана кылымдарды карыткан байыркы тарыхка ээ бузулгус боордоштук байланыштарга негизделип өнүгөт деп терең ишенем. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге чын дилден бийик мамлекеттик кызматыңыздагы ийгиликтерди, ал эми Казакстандын боордош элине гүлдөп-өнүгүүнү жана бакубаттуулукту каалайм”.