16
Январь
2012
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди 2012-жылдын 15-январында Казакстан Республикасынын Мажилис Парламентине шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.
Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат:
Урматтуу Нурсултан Абишевич,
Казакстан Республикасынын Мажилис Парламентине кезексиз шайлоолордун ийгиликтүү өтүшүнө байланыштуу чын дилден куттуктоомду кабыл алып коюңуз. Шайлоодогу ишенимдүү жеңиш “Нур-Отан” Элдик-демократиялык партиясынын лидери тандап алган багыттын тууралыгын айкын көрсөттү. Бул өз өлкөсүнүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн зор аракет жумшаган ири мамлекеттик ишмер жана акылман саясатчы катары Сиздин жеке салымыңызды баса белгилеп турат. Казакстандыктардын тандоосу стабилдүү Казакстандын мындан аркы өнүгүшүнө жана анын элинин биримдигинин бекемделишине болгон каалоо-тилегине тыгыз байланышкандыгына ишенем. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын чектелбеген потенциалы союздук алакалашуу духунда, бир туугандык мамилелердин ырааттуу өнүгүшү үчүн ишке ашырыла бере тургандыгын баса белгилеп койгум келет. Сизге, урматтуу Нурсултан Абишевич, бир тууган Казакстандын элинин жыргалчылыгы үчүн жаңы жетишкендиктерди, бекем ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубаттуулук каалайм.