13
Июнь
2019
Ооганстандын Президенти Мохаммад Ашраф Гани Кыргызстанга келди
Ооганстан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани бүгүн, 13-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
«Манас» эл аралык аэропортунан Ооганстандын Президентин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.
[su_carousel source="media: 134162,134163,134164,134165" limit="16" link="image" title="no"]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү