18

Сентябрь

2014

Бишкек шаардык № 25-мектебинин имараты түрттүрүлгөн жер тилкеси коммерциялык максатта пайдаланылаары тууралуу ата-энелердин кооптонуусу - негизсиз

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Бишкек шаардык № 25-орто мектептин окуучуларынын ата-энелеринен мектеп тегерегинде түзүлгөн абалды түшүндүрүп берүү иретинде кайрылуу кат келип түшкөн.

Буга байланыштуу Өкмөттүн Аппараты төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Аталган мектеп Бишкек шаарынын Гагарин көчөсүндө жайгашып, үч корпустан турат. Техникалык паспортко ылайык, имараттын № 1 жана № 3-бөлүгү 1952-жылы салынган, ал эми № 2-бөлүгү 1968-жылы курулган.

Имарат конструкциясын карап чыгууда ички дубалдын кирпичтери бузулгандыгы, спортзалдагы жараканын орун алуусу, имараттын тышкы шыбагынын түшүүсү, тосмолордун бузулушу жана мындан башка бир катар кемчиликтер аныкталган.

Буга байланыштуу Ленин райадминистрациясынын 2013-жылдын 3-июлундагы буйругу аркылуу № 25-орто мектептеги окуу процесси токтотулган. Учурда мектеп имараты иштебейт, окуучулар жана мугалимдер убактылуу түрдө № 74-мектептин имаратына которулган.

Мындан соң Бишкек мэриясынын 2014-жылдын 28-мартындагы буйругу аркылуу тармактык маморгандар адистеринен турган комиссия түзүлүп, үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде мектеп имаратын түртүрүү чечими кабыл алынган.

Белгилесек, 2015-жылга карата “Капиталдык салым” беренеси боюнча каржыланчу курулуш обьектилеринин тизмесин түзүү учурунда, борбордук № 25-мектеп имаратын куруу маселеси бекитилген тартипте каралат.

Жыйынтыктап айтканда, Бишкек шаардык № 25-мектебинин имараты түрттүрүлгөн жер тилкеси коммерциялык максатта пайдаланылаары тууралуу ата-энелердин кооптонуусу негизсиз деп эсептелет.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү