18

Ноябрь

2014

Төгүндөө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын айрым кызматкерлери иликтөө органдары тарабынан чет мамлекеттик уюмдарга мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарды чет элдик уюмдарга өткөрүп берүү максатында аны чогултуу жана өткөрүп берүү жөнүндө козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөгө жарыялангандыгы жана иликтөөдөн жашырынгандыгы тууралуу айрым ЖМКларда жарыяланган маалыматтар чындыкка жатпай тургандыгын билдиребиз.

Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кезектеги эмгек өргүүсүн алган, командировкада жүргөн, же ден-соолугуна байланыштуу өргүүдө жүргөн кызматкерлерден тышкаркы бардык кызматкерлер өз иш орундарында отуруп, кызматтык милдеттерин аткарууда.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү