10
Октябрь
2016
Орозобек Энтериев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-октябрда Энтериев Орозобек Жумабаевичти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотуу жөнүндө буйрукка кол койду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү